Бишкек шаары
2006-жылдын 21-августу N 175

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө

I глава. Жалпы жоболор
II глава. Тамекинин зыяндуу таасиринен жарандарды коргоо боюнча
чаралар
III глава. Тамеки заттарын өстүрүүнү, импорттоону жана сатып
өткөрүүнү жөнгө салуу
IV глава. Корутунду жоболор

Ушул Мыйзам тамеки жана тамеки продукцияларын өндүрүү, сатып өткөрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо боюнча алдын алуу иш чараларын көрүү жагындагы укуктук мамилелерди жөнгө салат.

I глава
Жалпы жоболор

1-статья. Ушул Мыйзамдын максаттары

Ушул Мыйзамдын негизги максаттары:
— тамеки жана тамеки заттарын өндүргөн, сатып өткөргөн жана чеккен учурда анын зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо боюнча чараларды камсыз кылуу;
— тамеки заттарынын калк тарабынан керектелишин азайтууга мүмкүнчүлүк берүүчү шарттарды түзүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген талаптарга ылайык келүүчү тамеки заттарын өндүрүүнү жана сатып өткөрүүнү камсыз кылуу;
— тамеки чегүүнүн жайылтылышын азайтуу боюнча макулдашылган иш чараларды жүргүзүү болуп саналат.

2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

Түтүнсүз тамеки заттары — никотиндүү медициналык препараттарды кошпогондо, жыттоо, соруу, чайноо же башка жол менен организмге кирүүчү тамеки заттары;
тамекиге каршы күрөшүү — тамеки заттарын керектөөдөн тарткан зыянды, ошондой эле тамекинин түтүнүнүн таасирин жок кылуу же азайтуу аркылуу калктын ден соолугун жакшыртууга багытталган жөнөтүү, суроо-талап жана зыянды азайтуу жагындагы стратегиялардын кеңири чөйрөсү;
ингредиент — өндүрүү процессинде тамекиге кошулуучу ар кандай зат жана тамеки продукциясынын тамеки эмес компоненттери;
медициналык эскертүү — тамеки заттарын жана тамекинин түтүнүн керектөөнүн адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасирлери жөнүндөгү, тамеки чегүүнү токтотуунун артыкчылыктары жана токтотуу ыкмалары тууралу, ошондой эле дагы башка тиешелүү маалымат; ал ушул Мыйзамда аныкталгандай, тамеки заттарынын пачкаларына таңгактарына же дагы башка жерлерге жайгаштырылат;
насвай — үчүнчү сорттогу тамеки жалбырагына күл, акиташ, жыттуу заттар кошулуп даярдалган түтүнсүз тамеки заты;
мыйзамсыз соода — мындай ишкердикке мүмкүнчүлүк түзүү максаты бар ар кандай ишти же жүрүм-турумду камтыган өндүрүүгө, жөнөтүүгө, алууга, ээ болууга, бөлүштүрүүгө, сатууга же сатып алууга карата мамилеси бар мыйзам тарабынан тыюу салынган ар кандай иштин же жүрүм-турумдун түрү;
пачка — белгилүү сандагы тамеки заты салынган жана ар кандай чийме же текстик маалыматы бар керектөө идишинин бирдиги;
тамеки заттарын керектөө — чегүү, тамекинин түтүнүн мурундан чыгаруу, тамекинин жалбырагын чайноо;
пассивдүү чегүү — чекпеген адамдын тамекинин абадагы зыяндуу түтүнүн ичине тартуусу;
жарнактоо жана тамеки менен тамеки заттарын сатууну колдоо — тамеки заттарынын сатылышына, түз же кыйыр түрдө колдонулушуна түрткү берүүгө же өбөлгө түзүү ыктымалына арналган коммерциялык маалыматты, сунуштоону берүүнүн ар кандай түрү же аракеттер;
тамекиге жана тамеки заттарына демөөрчүлүк — тамеки заттарынын сатылышына же тамекинин түздөн-түз же кыйыр колдонулушуна жетишүүгө түрткү берүүнү көздөп, ар кандай окуяга, иш-чарага же айрым адамга кошкон салымдын ар кандай түрү;
тамеки тартуучу жай — тамеки тартууга тыюу салынган башка бөлмө же жайлардан бөлүнгөн полу, дубалдары (полдон шыпка чейин), шыбы жана эшиктери абаны сыртка чыгаруучу желдетүү системасы менен жабдылган жабык коомдук жайлардагы тамеки чегүү үчүн гана бөлүнгөн жай;
тамеки (Nicotiana) — тамеки заттарын жасаганга пайдаланылуучу итжүзүм өсүмдүктөрүнүн түрүнө кирүүчү никотиндүү бир жана көп жылдык өсүмдүк;
тамеки чегүү — тамеки заттарынын күйүшүнө алып келүүчү, анын натыйжасында чылымчы ичине тартуучу жана сыртка чыгаруучу, ошондой эле абага таркоочу тамеки түтүнүн пайда кылган кыймыл;
тамекинин түтүнү — тамеки заттарынын күйүшүнөн улам абада болуучу продуктулар;
тамеки заттары — чегүү, соруу, чайноо же жыттоо үчүн толугу менен же жарым — жартылай тамеки жалбырагынан жасалган заттар (чыпкалуу сигареттер, чыпкасыз сигареттер, папиростор, сигарлар, сигариллалар, трубкага салчу тамеки, чеге турган тамекилер, махорка-ирик тамекилер жана насвай);
тамеки өнөр жайы — тамекини ферментациялоо, тамеки заттарын жасоо, аларды бөлүштүрүү менен алектенген ишкана;
таңгактоо — пачкалардын белгилүү санынан турган жана ар кандай чийме же текстик маалыматы бар керектөө идишинин топтук бирдиги.

3-статья. Тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун
коргоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы ратификациялаган эларалык келишимдерден турат.
Эгерде Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде ушул Мыйзамда каралгандан башкача эрежелер белгиленсе, анда эларалык келишимдердин эрежелери колдонулат.

4-статья. Тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун
коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги
принциптери

Тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери:
— тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо жагындагы мамлекеттик саясатты жана мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуу жана аныктоо, тамеки өндүрүү жана аны сатып өткөрүү жагынан жарандардын өмүрүнүн жана саламатчылыгынын артыкчылыктарын тандоо ишин саясий жактан жактоо;
— тамекинин зыяндуу таасиринен калктын ден соолугун коргоо түзүмдөрүн түзүүгө мүмкүнчүлүк берген салык саясатын жүргүзүү;
— тамекинин зыяндуу таасиринен жана жарандардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүгө жарандардын жана жергиликтүү шериктештиктердин активдүү катышуусу;
— тамекини керектөөнүн ден соолукка зыяндуулугу тууралу маалыматты алуу;
— тамеки тармагында иштөөнүн натыйжасында кесиптик оорууга дуушар болгон жана/же тамекинин организмге тийгизген зыяндуу таасирине байланыштуу керектеген учурда ден соолугун жоготкондо иш берүүчүлөрдүн жана/же өндүрүүчүлөрдүн эсебинен адамдарга келтирилген зыяндарды төлөтүп берүү;
— тамеки чекпей жана тамекинин түтүнүсүз жашоо боюнча адам укуктарын коргоо жагынан натыйжалуу чараларды көрүү, ошондой эле калктын тамеки заттарын керектөөлөрүн азайтуу;
— тамекини керектөөнү чектөө боюнча натыйжалуу программаларды түзүү жагындагы эларалык кызматташтык болуп саналат.

5-статья. Мамлекеттин кепилдиктери

Мамлекет:
— тамеки заттарына болгон суроо-талаптарды төмөндөтүүгө багытталган мамлекеттик программаларды жана социалдык-экономикалык иш-чараларды иштеп чыгууну, кабыл алууну, ишке киргизүүнү жана каржылоону;
— тамеки тармагында иштеген адамдарга саламаттык сактоо уюмдарынан медициналык-санитардык жардамдардын бардык түрлөрүн камсыз кылууну;
— тамеки тартуунун ден соолукка зыяндуулугунун кесепеттери жана айлана-чөйрөгө тамекинин түтүнүнүн таасири жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын маалымат алышынын деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнү кепилдикке алат.

6-статья. Тамекиге суроо-талапты кыскартуу боюнча салык чаралары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тамекини керектөөнү кыскартуу жана калктын ден соолугун чыңдоо максаттарында:
— тамеки заттарына карата салык саясатын жүргүзүү зарылдыгы келип чыккан учурда баа саясатын камсыз кылат;
— тамеки заттарын өндүрүүнү ачык жүргүзүү, түтүнсүз тамекилерди сатуу жана аларга акциз салыктарын салуу саясатын жүргүзөт.

II глава
Тамекинин зыяндуу таасиринен жарандарды
коргоо боюнча чаралар

7-статья. Жарандардын тамекинин түтүнү жок айлана-чөйрөгө болгон
укугу

Кыргыз Республикасынын жарандары тамекинин түтүнү жок айлана-чөйрөгө укуктуу.
Тамеки чегүүгө толугу менен тыюу салынат:
— бардык деңгээлдеги билим берүү мекемелеринде, ведомстволук баш ийишине жана менчигинин түрүнө карабастан балдар эс ала турган мекемелерде;
— ведомстволук баш ийишине жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо мекемелеринде;
— өрт коркунучу бар жерлерде, анын ичинде машинага май куюу станцияларында;
— кинотеатрларда, театрларда, спорттук жайларда жана ареналарда, цирктерде, концерттик залдарда жана билим берүүнүн, маданияттын жана спорттун башка жабык жайларында;
— музейлерде, китепканаларда, көргөзмө залдарда жана лекторийлерде;
— шаардык, шаарлар аралык автобустардын, маршруттук таксилердин жана шаардык электротранспорттун салондорунда;
— сууда сүзүүчү кемелерде жана аба транспортторунда;
— лифттерде;
— калкка кызмат көрсөтүлүүчү бардык жумуш жайларында.
Тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жайларды кошпогондо төмөндөгү жерлерде тамеки чегүүгө тыюу салынат:
— мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары ээлеген имараттарда жана жайларда;
— автостанциялардын, автовокзалдардын, темир жол вокзалдарынын жана аэропорттордун имараттарында жана залдарында;
— жергиликтүү жана алыскы катнаштын поезддеринде;
— коомдук тамактануу жайларында, мында чеге турган жарандар үчүн аянттын 50 пайызынан ашпаганын тамекинин түтүнү жок жайга тарабагандай кылып бөлүү керек.
Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык уюмдардын, ишканалардын жана коомдук жайлардын жетекчилери менчигинин түрүнө карабастан, тамеки тартуучу жайларды бөлүүгө жана аларды саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык жабдууга тийиш.
Тамеки тартуучу жайларды жабдууга коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана мамлекеттик өрткө каршы күрөшүү кызматы тарабынан бекитилет.
Ушул статьянын экинчи-төртүнчү бөлүктөрүнүн жоболорун бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.

8-статья. Тамеки заттарын керектөө жаман адатынан арылууну чечкен
адамдарга колдоо көрсөтүү

Саламаттык сактоо уюмдары тамеки заттарын керектөө жаман адатынан арылууну чечкен адамдарга квалификациялуу медициналык жана консультациялык жардамдарды көрсөтөт.

III глава
Тамеки заттарын өстүрүүнү, импорттоону
жана сатып өткөрүүнү жөнгө салуу

9-статья. Тамеки заттарынын коопсуздугуна карата талаптар

Калктын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
— Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү тамеки заттарынын коопсуздугуна баа берүү принциптерин жана жол-жобосун белгилөөгө;
— Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинүүчү тамеки заттарынын коопсуздугуна контролду ишке ашырууга милдеттүү.

10-статья. Тамеки заттарындагы уулуу ингредиенттердин болушунун
жол берилүүчү эң жогорку чегинин ченемдери

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жыл сайын тамеки заттарында болуучу уулуу ингредиенттердин же тамекинин түгүнүн түзүүчүлөрдүн өтө так өлчөмүн белгилейт, бул тууралу калкты кабардар кылат.
Тамеки заттарын өндүрүүчүлөр өндүргөн продукциясынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келиши жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүгө милдеттүү.
Уулуу ингредиенттердин болушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык саламаттык сактоо жана стандартташтыруу жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан текшерилүүгө тийиш.

11-статья. Тамеки заттарын таңгактоого жана маркировкалоого карата
талаптар

Тамеки заттарын мыйзамсыз сатуунун бардык түрлөрүн жоюу максатында, анын ичинде контрабанданы, мыйзамсыз жана жасалма жасоону кошкондо, ички рыноктогу чекене жана дүңүнөн сатууга арналган тамеки заттарынын ар бир пачкасында жана тангагында тамеки заттарын даярдаган өлкө көрсөтүлүп, "Кыргыз Республикасында сатууга уруксат берилет" деген жазуу болууга тийиш.
Тамеки заттарынын ар бир пачкасында жана таңгагында мамлекеттик жана расмий тилдердеги тамеки тартуунун зыяндуулугу жөнүндөгү жазуулар, сүрөттөр жана/же пиктограмма түрүндөгү медициналык эскертүүлөр пачкалардын жана таңгактардын алдыңкы жана арткы жактарынын негизги аянтынын кеминде 40 пайызын ээлөөгө тийиш.
Медициналык эскертүүнүн тексти төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
— ачык жана даана болууга;
— арасын ачпастан, ортосуна түптүз кылып тегиздеп, пачканын үстү жагына параллел кылып пачканын жана таңгактын төмөнкү регистрине ак фонго кара жоон тамгалар менен Helvetica деген жазуу басылат, ал соода маркасынан жана пачкадагы калган сүрөттөрдөн 3 миллиметр калыңдыктагы кара рамка менен бөлүнүп турууга тийиш. Эскертүүнүн ченемин аныктаганда рамканын ченеми эске алынбайт;
— пачканы (таңгакты) ачканда айрып албас үчүн жазуусу өйдө жайгаштырылууга;
— жашырып койбогудай, көрүнбөй калчудай, жеңил өчүрүлчүдөй, башка жазуулар же сүрөттөр басып салчудай болууга тийиш эмес.
Тамеки заттарын керектөө калктын ден соолугуна зыяндуулугу тууралу эскертүүнүн, сүрөттүн жана/же пиктограмманын текстинин мазмуну Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет жана үч жылдан өткөрбөй бир жолу алмаштырылат.

12-статья. Тамеки заттарын сатууга чектөөлөр

Кыргыз Республикасынын аймагында тамеки заттарын сатууга тыюу салынат:
— он сегиз жашка толо элек балдарга;
— он сегиз жашка толо элек балдар тарабынан;
— саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин имараттарында, спорт залдарында жана курулмаларында, стадиондордо жана аларга 100 метрге жакын радиуста жайгашкан жерлерде жана дүкөндөрдө;
— Кыргыз Республикасы тарабынан белгиленген талаптарга дал келбеген импорттук тамеки заттарына;
— аларда жол берилген ченемдердин чегинен ашыкча уулуу заттар болгон учурларда;
— пачкада (таңгагында) ушул Мыйзамдын 11-статьясынын талаптарына ылайык келген медициналык эскертүү болбогондо;
— пачкаларда жана таңгагында "чайыры аз", "жеңил", "өтө жеңил", "ультра жеңил", "жумшак" деген жазуулар болгондо же анын мүнөздөмөлөрү жана ден соолукка таасирлери жөнүндө түз же кыйыр түрдө жалган пикир түзгөндө, ошондой эле кайсы бир тамеки заты башка бир тамеки заттарынан түз же кыйыр айырмаланганда;
— 20 даанадан кем сигарети бар пачкаларга же аларды дааналап сатууга.
Кыргыз Республикасында акциз маркалары жок тамеки заттарын жасоого, импорттоого жана сатууга тыюу салынат.

13-статья. Тамеки заттарын сатууну жүзөгө ашыруучу адамдардын
сатып алуучулардан алардын инсандыгын күбөлөндүрүүчү
документтерин көрсөтүүнү талап кылуу укугу

Тамеки заттарын сатууну жүзөгө ашыруучу адамдар тамеки заттарын жаш курагы болжол менен он сегизден кем болгон балдарга сатып жаткан учурда төмөндөгүлөргө укуктуу:
— алардан инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерин көрсөтүүнү талап кылууга;
— эгерде алар өздөрүнүн инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерин көрсөтпөсө, тамеки заттарын сатуудан баш тартууга.
Ушул статьяны бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.

14-статья. Тамеки заттарын саткан жерлердеги медициналык
эскертүүлөр

Тамеки заттарын саткан жерлердин бардыгында көрүнөө жерлерде тамеки чегүүнүн жарандардын ден соолугуна зыяндуулугу жана он сегиз жашка толо элек балдарга тамеки заттарын сатууга тыюу салынгандыгы жөнүндө медициналык эскертүүлөр жазылган плакаттар милдеттүү түрдө илинип турууга тийиш.
Бул плакаттардагы медициналык эскертүүнүн тексттери Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилет жана үч жылдан өткөрбөй бир жолу алмаштырылат.

15-статья. Тамеки заттарын сатууга түрткү берүү, тамеки жана
тамеки заттарына демөөрчүлүк кылуу жана жарнактоо

Калктын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жана тамеки заттарын керектөөнү жөнгө салуу максатында төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
— тамеки заттарын калк арасында акысыз таркатууга;
— купондорду, талондорду чыгаруу жана башкалардын кийлигишүүсү менен бааны түшүрүүнү колдонууга;
— тамеки заттарын сатып өткөрүү максатында маданий-массалык иш чараларды, ачык акцияларды жана сынактарды уюштурууга;
— маданий-массалык иш чараларды өткөрүүдө байге түрүндө тамеки заттарын пайдаланууга;
— маданий-спорттук, ден соолукту чыңдоо иш-чараларына жергиликтүү, чет өлкөлүк да тамеки компанияларынын демөөрчүлүгүнө;
— жергиликтүү жана чет өлкөлүк тамеки фирмаларынын же биргелешкен ишканалардын тамеки тартууну пропагандалаган маданий-спорттук, ден соолукту чыңдоо иш-чараларын, кандайдыр бир конкурстарды, дискотекаларды өткөрүүгө;
— тамеки заттары түрүндө азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды даярдоого жана сатууга;
— соода-сатык автоматтары аркылуу тамеки заттарын сатууга жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында иштетүүгө;
— Кыргыз Республикасынын аймагында тамекини жана тамеки заттарын түз жана кыйыр түрдө жарнактоого.
Тамеки продукцияларын жарнактоого тамеки заттарын саткан жерлерде гана форматы А3төн чоң болбогон маалымат барактары же плакат түрүндө жол берилет Дүкөндүн ичиндеги ар бир жарнак плакаты медициналык эскертүү менен коштолууга жана жарнак аянтынын кеминде 40 пайызын ээлөөгө тийиш.

16-статья. Тамеки заттарын жок кылуу

Ушул Мыйзамды бузуу менен жасалган, импорттолуучу же сатылуучу бардык тамеки заттары соттун чечими боюнча конфискацияланат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жок кылынат.
Тамеки заттарын мыйзамсыз сатуудан жана/же өндүрүүдөн жана импорттоодон түшкөн кирешелер ден соолукту чыңдоо жана тамеки тартуунун алдын алуу максаттарына жумшоо үчүн конфискацияланууга жана республикалык бюджетке которулууга тийиш.

IV глава
Корутунду жоболор

17-статья. Тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун
коргоо боюнча иш-чараларды каржылоо

Тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо боюнча иш чараларды каржылоо төмөнкүдөй ишке ашырылат:
— Кыргыз Республикасынын аймагында тамеки заттарын өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын каражаттарынан;
— Кыргыз Республикасынын аймагында тамеки заттарын керектөөнү жөнгө салуучу мыйзамдарды бузгандык үчүн айып жазаларынын каражаттарын 100 пайыз өлчөмүндөгү чегерүүлөрдүн эсебинен;
— эларалык уюмдардын, коомдук бирикмелердин (ассоциациялардын, кыймылдардын), жарандардын гранттарынын, кредиттеринин эсебинен;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ыйгарым укуктуу башка органдары ушул Мыйзамды ишке ашырууга максаттуу чегеримдердин механизмдерин иштеп чыгат жана бекитет.

18-статья. Жарандардын ден соолугуна келтирилген зыяндарды төлөп
берүү

Жарандар тамеки өстүрүү жана кайра иштетүү учурунда же тамеки заттарын чеккен учурда алардын ден соолугуна келтирилген зыяндарды төлөтүп алууга укугу бар.
Келтирилген зыяндар менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардан — иш берүүчүлөрдөн төлөтүп алынат.
Келтирилген зыяндардын өлчөмү жана зыяндарды төлөөнүн тартиби тараптардын өз ара макулдашуулары же сот тарабынан аныкталат.

19-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамдын жоболору мамлекеттик бийликтин бардык органдарында, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик белгиленет.

20-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам, төмөндө көрсөтүлгөн статьялардын ченемдеринен тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет:
— 2007-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирүүчү 7-статьянын үчүнчү бөлүгү, 10-статьянын үчүнчү бөлүгү, 12-статьянын биринчи бөлүгүнүн алтынчы абзацы;
— 2008-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирүүчү 11-статья, 12-статьянын биринчи бөлүгүнүн бешинчи, жетинчи, сегизинчи абзацтары;
— 2009-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирүүчү 15-статьянын биринчи бөлүгүнүн онунчу абзацы жана 15-статьянын экинчи бөлүгү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган