Бишкек шаары
1996-жылдын 12-июлу N 39

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө

(КР 1999-жылдын 13-июлундагы N 68 Мыйзамынын,
1999-жылдын 27-ноябрындагы N 131 Мыйзамынын,
2002-жылдын 25-июлундагы N 130 Мыйзамынын,
2003-жылдын 18-январындагы N 29 Мыйзамынын
2003-жылдын 5-декабрындагы N 228 Мыйзамынын,
2004-жылдын 11-июнундагы N 73 Мыйзамынын,
2005-жылдын 12 июлундагы N 104 Мыйзамынын,
2007-жылдын 22-мартындагы N 35 Мыйзамынын,
2008-жылдын 2-июнундагы N 109 Мыйзамынын
редакцияларына ылайык)

Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги N 182 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

1-статья. Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо түшүнүгү

Кыргыз Республикасында юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо билдирүү мүнөзүнө ээ жана түзүлүп жаткан юридикалык жактардын уюштуруу документтеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсүн текшерүүнү, каттоо номерин ыйгаруу менен аларга мамлекеттик каттоо күбөлүгүн берүүнү, юридикалык жактар жөнүндөгү маалыматты бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизүүнү камтыйт.

2-статья. Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоонун максаты

Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо төмөнкү максатта ишке ашырылат:
— юридикалык жактын түзүлүү, өзгөртүп кайра түзүлүү жана токтотулуу фактысын күбөлөндүрүү;
— Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн, өзгөртүп кайра түзүлгөн жана жоюлган юридикалык жактардын эсебин алуу жана алардын уюштуруу документтеринин республиканын мыйзамдарына ылайык келүүсүн текшерүү;
— юридикалык жактардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
— мамлекеттик статистика органдарына, ошондой эле башка адамдарга жана юридикалык жактарга түзүлгөн, өзгөртүп кайра түзүлгөн жана жоюлган юридикалык жактар жөнүндө маалымат берүү.

3-статья. Каттоодон өтүүгө тийиш болгон юридикалык жактар

Түзүлгөн максатына, иш-аракетинин түрүнө жана уюштуруучулук-укуктук формасына, катышуучуларынын курамына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн бардык юридикалык жактар — коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар ушул Мыйзамга ылайык мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
Коммерциялык уюмдар болбогон юридикалык жактар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана эркин экономикалык зонанын субъекттери Кыргыз Республикасынын ал уюмдар жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык каттоодон өтөт.
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан юридикалык жактардын, эркин экономикалык зоналардын аймагынан тышкары жерлерде түзүлүп жаткан филиалдары жана өкүлчүлүктөрү ушул Мыйзамда белгиленген тартипте эсепке алуу каттоосунан өтүүгө тийиш.
(КР 2003-жылдын 18-январындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Каттоо жүргүзүүчү орган

Юридикалык жактарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, мамлекеттик каттоону Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана юридикалык жактын жайгашкан (түзүлгөн) жери боюнча анын аймактык каттоочу органдары (каттоочу органдар) жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык каттоочу органдары деп жер-жерлердеги тийиштүү юстиция органдары эсептелет.
Айрым жерлерде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо милдетин аткаруу үчүн өзүнүн өкүлүн каттоочуну аныктоого укуктуу.
(КР 2007-жылдын 22-мартындагы N 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо боюнча Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлигинин жана анын
аймактык органдарынын компетенциясы

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
— Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлүп жаткан мамлекеттик бийликтеги саясий партиялар, борбордук органдар, чет өлкөлүктөр катышкан юридикалык жактарды жана чет өлкөлүк юридикалык жактарды; чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана чет өлкөлүктөр катышкан ишканалардын филиалдары менен өкүлчүлүктөрүн каттоо;
— юридикалык жактардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
— юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо боюнча иштерге методикалык жетекчилик;
— юридикалык жактардын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык органдарынын ушул Мыйзамдын талаптарын сакташына контролдук кылуу;
— түзүлгөн, өзгөртүп кайра түзүлгөн жана жоюлган юридикалык жактар, алардын филиалдары менен өкүлчүлүктөрү жөнүндө маалыматты аймактык юстиция органдарынан алып туруу;
— Кыргыз Республикасынын аймагына жайгашкан юридикалык жактар, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү банкын түзүү;
— юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык органдарынын иш-аракеттерине карата даттанууларды кароо.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык органдары төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
— тийиштүү аймакта түзүлгөн, өзгөртүп кайра түзүлгөн жана жоюлган юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталууга тийиш болгондордон башка филиалдар менен өкүлчүлүктөрдү эсепке алуу каттоосунан өткөрүү;
— Кыргыз Республикасынын тийиштүү областы (району) боюнча реестрди жүргүзүү;
— тийиштүү аймакта түзүлгөн, өзгөртүп кайра түзүлгөн жана жоюлган юридикалык жактар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берүү.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын аймактык органдары мамлекеттик статистика органдарына түзүлгөн, өзгөртүп кайра түзүлгөн жана жоюлган юридикалык жактар жөнүндө маалымат берет.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын аймактык органдары адамдарга жана юридикалык жактарга түзүлгөн, өзгөртүп кайра түзүлгөн жана жоюлган юридикалык жактар жөнүндө маалыматты берет.
(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-январындагы N 29 Мыйзамынын, 2008-жылдын 2-июнундагы N 109 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

6-статья. Мамлекеттик каттоонун тартиби

Юридикалык жакты каттоо үчүн тиешелүү каттоочу органга Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгилеген формадагы арыз ушул Мыйзамдын 7-статьясында көрсөтүлгөн мамлекеттик же расмий тилинде жазылган, үч нускадагы уюштуруу документтерин тиркөө менен берилет.
Ишинин негизи банк иши болгон юридикалык жакты каттоо, ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле кайра каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кошумча уруксаты талап кылынат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялана турган күрөөканаларды, кредиттик союздарды жана башка финансы-кредит мекемелерин каттоодо, ачууда, жоюуда, өзгөртүп түзүүдө жана кайра каттоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын же анын областтык башкармалыгынын, же бул укук өткөрүлүп берилген башка юридикалык жактын макулдугу талап кылынат.
Монополияга каршы мыйзамдарда каралган учурларда чарбакер субъекттерди түзгөндө, кайра уюштурганда, жойгон учурда кошумча түрдө: түзгөндө — милдеттүү түрдөгү кабарлама, кайра уюштурганда жана жойгон учурда — Кыргыз Республикасынын монополияга каршы органынын макулдугу талап кылынат.
Баалуу кагаздар рыногу боюнча мыйзамдарда каралган учурларда чарбакер субъекттерди түзгөндө, кайра уюштурганда жана жойгон учурда кошумча түрдө: түзгөндө — милдеттүү түрдөгү кабарлама, кайра уюштурганда жана жойгон учурда — Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик органынын макулдугу талап кылынат.
Арызга уюштуруучу же ал ыйгарым укук берген адам кол коет. Арызга тиркелүүчү уюштуруу документтери мыйзамда белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Юридикалык жактардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн эсепке алуу каттоосунан өткөрүүдө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн филиалдар жана өкүлчүлүктөр жөнүндө жоболор, ошондой эле аларды түзгөн юридикалык жактардын катталган уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү талап кылынат.
Чет өлкөлүктөр катышкан юридикалык жактарды каттоо жана алардын
филиалдары менен өкүлчүлүктөрүн эсепке алуу каттоосунан өткөрүү үчүн
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамына ылайык кошумча документтердин берилиши талап кылынат.
Ушул Мыйзамда белгиленгенден башка кандайдыр-бир документтерди жана маалыматтарды талап кылууга тыюу салынат.
Ушул статьяда аталган документтерди уюмдаштыруучу өзү же өзүнүн өкүлү аркылуу тапшырат.
(КР 1999-жылдын 27-ноябрындагы N 131 Мыйзамынын, 2002-жылдын 25-июлундагы N 130 Мыйзамынын, 2003-жылдын 18-январындагы N 29 Мыйзамынын:39888}, 2003-жылдын 5-декабрындагы N 228 Мыйзамынын, 2004-жылдын 11-июнундагы N 73 Мыйзамынын, 2008-жылдын 2-июнундагы N 109 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

7-статья. Юридикалык жак катары каттоодон өтүү үчүн субъекттер
тарабынан берилүүчү уюштуруу документтери

Каттоочу органга, эгерде мыйзам актыларында башкасы айтылбаса, уставдан (жободон) же уюштуруу келишиминен жана уставдан, же болбосо келишиминен гана турган уюштуруу документтеринин пакети берилет.
Толук шериктештиктин же коммандиттик шериктештиктин уюштуруу документтери болуп шериктештиктин уставынын милдетин аткаруучу жана бардык толук шериктер тарабынан кол коюлуучу уюштуруу келишими эсептелет.
Чарба жүргүзүүчү коомдордун, ошондой эле юридикалык жактардын ассоциация (союз) түрүндөгү бирикмелеринин уюштуруу документтери болуп анын бардык уюштуруучулары кол койгон уюштуруу келишими жана алар бекиткен устав эсептелет.
Бир жак (бир катышуучу) тарабынан түзүлгөн чарба жүргүзүүчү коомдордун жана ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүгүндө аталгандардан башкача түрдөгү юридикалык жактардын уюштуруу документи болуп алардын уюштуруучулары тарабынан бекитилген устав эсептелет.
Коммерциялык эмес уюмдардын уюмдаштыруучу документтери уюштуруу-укук формасына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык уюмдаштыруучу келишим жана (же) устав (жобо) болуп саналат.
Юридикалык жактын уюштуруу документтеринде юридикалык жактын уюштуруу-укуктук формасына жараша Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген маалыматтар болууга тийиш.
(КР 2003-жылдын 18-январындагы N 29 Мыйзамынын:39888} редакциясына ылайык)

8-статья. Каттоочу органдын милдеттери

Каттоо документтеринин пакетин алган учурдан баштап каттоочу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
— берилген документтер пакетинин толук экендигин текшерүү;
— документтердин туура түзүлгөндүгүн текшерүү;
— уюштуруу документтери мыйзамга ылайык келген учурда юридикалык жакты каттоо жөнүндө буйрук чыгаруу;
— реестрге юридикалык жак жөнүндө маалымат киргизүү;
— юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берүү;
— уюштуруучу же анын өкүлү каттоочу органга берген документтердин бирден нускасынан турган папканы түзүү. Папканы түзгөндөн кийин уюштуруу документтеринин (банк үчүн төрт нускасы) экиден нускасын мамлекеттик каттоо жөнүндө белги коюу менен уюштуруучуга же анын өкүлүнө кайтарып берүү;
— мамлекеттик статистика органдарына 10 күндүк мөөнөттө юридикалык жактын катталышы жөнүндө билдирүү.
(КР 1999-жылдын 27-ноябрындагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. Юридикалык жактын филиалынын же өкүлчүлүгүнүн эсепке
алуу каттоосу

Юридикалык жактын филиалынын, өкүлчүлүгүнүн эсепке алуу каттоосунда ушул Мыйзамдын 6-статьясынын үчүнчү, бешинчи жана алтынчы бөлүктөрүнүн талаптарына ылайык аларды түзгөн юридикалык жактардын уюштуруу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн берилиши талап кылынат.
Чет өлкөлүк юридикалык жактын филиалынын, өкүлчүлүгүнүн эсепке алуу каттоосу төмөндөгү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн эсепке алуу каттоосу үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт:
— юридикалык жактын уюштуруу документтери алардын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилиндеги котормосу менен болууга тийиш;
— филиал же өкүлчүлүк жөнүндө жобо, ошондой эле алардын жетекчилеринин ишеним каттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талабына жооп берүүгө жана мамлекеттик же расмий тилинде жазылууга тийиш;
— каттоо (кайрадан каттоо) жөнүндөгү арызга Кыргыз Республикасында филиалын (өкүлчүлүгүн) ачып жаткан субъект өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн соода реестринин көчүрмөсү же башка документ, ошондой эле анын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн банктык ырастоосунун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилиндеги котормолору тиркелүүгө тийиш.
(КР 2002-жылдын 25-июлундагы N 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоонун жана филиал
менен өкүлчүлүктү эсепке алуу каттоосунун мөөнөтү

Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо зарыл болгон документтерин тиркөө менен арыз берилген күндөн тартып 10 күндөн кеч эмес мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.
Арыз берген күн деп ушул Мыйзамдын 6-статьясында көрсөтүлгөн документтер пакетинин толугу менен келип түшкөн күнү эсептелет.
Аталган мөөнөт арыз ээсинин уюштуруу документтерин кароодо аныкталган кемчиликтерин четтетүү үчүн кетирген убакыттын ичинде токтотула турат.

11-статья. Мамлекеттик каттоого акы төлөө

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо, ошондой эле филиал менен өкүлчүлүктүн эсепке алуу каттоосу акысыз жүзөгө ашырылат.
(КР 1999-жылдын 13-июлундагы N 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Мамлекеттик каттоодон баш тартуу

Юридикалык жактын уюштуруу документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген учурда гана мамлекеттик каттоодон баш тартылышы мүмкүн.
Юридикалык жакты каттоодон баш тартылган учурда каттоочу орган арыз берилгенден тартып 10 күндүн ичинде конкреттүү мыйзамдын бузулушун көрсөтүү менен каттоодон баш тартуунун себебин арыз ээсине кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.
(КР 2003-жылдын 18-январындагы N 29 Мыйзамынын:39888} редакциясына ылайык)

13-статья. Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк

Юридикалык жактардын уюштуруу документтеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча каттоочу орган тарабынан жаңы түзүлгөн юридикалык жакка мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берилет.
Юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүгү көрсөтүлгөндөн кийин гана банкта эсеп ачылышы мүмкүн.
Юридикалык жакка мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүктүн берилиши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш-аракеттин лицензия алууну талап кылган түрүн баштоо үчүн негиз болбойт. Юридикалык жактын лицензиялануучу иш-аракет чөйрөсүндөгү укукка жөндөмдүүлүгү тийиштүү лицензияны алуу менен башталып, аны мыйзамда белгиленген тартипте алып коюу же анык эмес деп таануу менен токтотулат.
Мамлекеттик статистика органы каттоочу орган тарабынан берилген маалыматтардын негизинде мамлекеттик каттоо жөнүндөгү жана башка зарыл болгон маалыматтарды чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик регистрине, ага унификацияланган идентификациялык жана башка системалык-эсепке алуу колдорун берүү менен киргизүүгө тийиш.
(КР 2003-жылдын 18-январындагы N 29 Мыйзамынын:39888} редакциясына ылайык)

14-статья. Юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана
өкүлчүлүктөрүнүн мамлекеттик реестри

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзү жана өзүнүн аймактык органдары тарабынан катталган юридикалык жактардын, юридикалык жактардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн мамлекеттик бирдиктүү реестрин жүргүзөт.
Юридикалык жактардын мамлекеттик бирдиктүү реестри төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
— ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун (ИУЖК) каттоо номерин, каттоо ай-күнүн жана идентификациялык кодун;
— юридикалык жактын уюштуруу-укук формасын жана аталышын;
— юридикалык жактын жайгашкан жерин жана жетекчиси тууралу маалыматты;
— юридикалык жактын уюмдаштыруучулары тууралу маалыматтарды.
Юридикалык жактардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн реестри төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
— ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун (ИУЖК) каттоо номерин, каттоо ай-күнүн жана идентификациялык кодун;
— филиалдын же өкүлчүлүктүн аталышын жана анын жайгашкан жерин;
— филиал же өкүлчүлүк ачып жаткан юридикалык жактын аталышын жана анын жайгашкан жерин;
— филиалдын жетекчиси тууралу маалыматты.
Юридикалык жактардын мамлекеттик реестринин маалыматтары официалдуу жана таанышуу үчүн ачык болуп саналат — кызыккан ар кандай жак маалыматтарды мамлекеттик реестрден акысыз алууга укуктуу.
Банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин банктык лицензиясы кайтарылып алынган учурда, юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине ал тууралуу жазылып коюлууга тийиш.
(КР 1999-жылдын 13-июлундагы N 68 Мыйзамынын, 1999-жылдын 27-ноябрындагы N 131 Мыйзамынын, 2003-жылдын 18-январындагы N 29 Мыйзамынын:39888}, 2008-жылдын 2-июнундагы N 109 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

15-статья. Юридикалык жактын уюштуруу документтерине өзгөртүү жана
толуктоо киргизүү

Уюмдаштыруучу документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурларда юридикалык жак кайра каттоо тууралу арыз берүүгө милдеттүү. Юридикалык жак Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 86-статьясынын үчүнчү пунктуна ылайык ушул статьяда каралган негиздер боюнча төмөнкүдөй учурларда кайрадан каттоого алынат:
1) Коммерциялык уюмдар:
— уставдык капиталдын өлчөмү өзгөртүлсө (уставдык капиталдары көбөйгөн учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын белгиленген талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банктан жана башка финансы-кредит мекемелеринен тышкаркылар);
— аталышы же уюмдаштыруучу документтерде каралган башкаруу органынын компетенциясы өзгөртүлсө;
— чарбакер шериктештиктердин, жоопкерчилиги чектелген коомдордун, кошумча жоопкерчилиги бар коомдордун катышуучуларынын курамы өзгөртүлсө;
— юридикалык жакты кайра каттоо тууралу сот органы же юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы тарабынан чечим кабыл алынса;
2) Коммерциялык эмес уюмдар:
— аталышы уюмдаштыруучу документтерде айтылган иштин түрү же башкаруу органдарынын компетенциясы өзгөртүлсө;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башка учурларда.
Бул учурда каттоочу органга төмөнкү документтер берилет:
— кайрадан каттоо үчүн арыз;
— ыйгарым укуктуу органдын өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө чечими;
— киргизилген өзгөртүүлөрү менен кошо белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтери;
— мурдагы уюштуруу документтери жана мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүк (түп нускасы).
Юридикалык жак өзгөртүп кайра түзүлгөндө, юридикалык жак өзгөртүп кайра түзүлгөндө берилген документтердин жана кабыл алуу-өткөрүү документтери сакталган архивдеги орду жөнүндө мамлекеттик архивдин корутундусу (кошулганда, ажыратылганда, бириктирилгенде, бөлүнүп чыкканда) каттоочу органга өзгөртүп кайра түзүлгөн юридикалык жактын милдеттенмелери боюнча укук мурастоо жобосун көрсөтүү менен өткөрүп берүү актысы же ажыратуу балансы да кошо кошо берилет.
Зарыл болгон документтердин пакети берилгенден кийин 10 күндүк мөөнөт ичинде каттоочу орган төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
— колдонуудагы мыйзамдар бузулбаган учурда юридикалык жакты кайрадан каттоо жөнүндө буйрук чыгаруу;
— реестрге юридикалык жак жөнүндө жаңы маалыматтарды киргизүү жана уюштуруу документтеринин биринчи нускасын ыйгарым укуктуу адамга берүү;
— юридикалык жактын кайрадан катталгандыгы жөнүндө күбөлүк берүү;
— мурдагы уюштуруу документтеринин биринчи нускаларын алып, документтер папкасына кошуп тигүү;
— документтер папкасын жаңы юридикалык жактын уюштуруу документтери (банк үчүн төрт нускасы) менен толуктоо. Каттоо иши аяктагандан кийин уюштуруу документтеринин эки нускасы уюштуруучуга же анын өкүлүнө кайтарып берилет.
Өзгөртүп кайра түзүлгөн юридикалык жакты каттоо ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган тартипте жүргүзүлөт.
Каттоочу орган 10 күндүк мөөнөт ичинде мамлекеттик статистика жана салык органдарына өткөрүлгөн мамлекеттик кайрадан каттоо жөнүндө, ошондой эле юридикалык жактын жайгашкан жерин билдирет.
Эгерде мыйзам менен башка мөөнөт белгиленбесе, юридикалык жак бир айлык мөөнөт ичинде кайра каттоого алып келбеген башка маалыматтарды өзгөртүү тууралу (жайгашкан жерди, жетектөөчү органдын курамын, жетекчини, телефондун жана телефакстын номерин өзгөртүү) каттоочу органга кабарлоо жолу аркылуу билдирүүгө милдеттүү.
Ушул статьянын биринчи жана жетинчи бөлүктөрү менен каралбаган уюмдаштыруучу документтерге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор уюмдаштыруучу документтерди кайра каттоого албастан каттоого алынууга тийиш.
Каттоочу орган күбөлүктү бергенден же юридикалык жактын кайрадан каттоону талап кылбаган жаңы маалыматтарын карточкага киргизгенден кийин 10 күндүн ичинде бул жөнүндө мамлекеттик статистика органдарына билдирет.
(КР 1999-жылдын 27-ноябрындагы N 131 Мыйзамынын, 2003-жылдын 18-январындагы N 29 Мыйзамынын:39888}, 2005-жылдын 12 июлундагы N 104
Мыйзамынын, 2008-жылдын 2-июнундагы N 109 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

16-статья. Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн дубликатынын
берилиши

Юридикалык жактын арызы боюнча каттоочу орган 7 күндүн ичинде мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берет.
(КР 2003-жылдын 18-январындагы N 29 Мыйзамынын:39888} редакциясына ылайык)

17-статья. Юридикалык жактын ишинин токтотулушун каттоо

Юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) же юридикалык жакты өзгөртүп кайра түзүү же жоюу жөнүндө чечим кабыл алган орган алдыда болуучу өзгөртүп кайра түзүү же жоюу жөнүндө кечиктирбестен каттоочу органга билдирүүгө милдеттүү. Каттоочу орган юридикалык жактардын реестрине юридикалык жак өзгөртүп кайра түзүлүү же жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө маалымат киргизет.
Юридикалык жактын жоюлушу тууралу чечимди кабыл алганда каттоочу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоюу тартибинин сакталышын текшерет ("Банкрот болуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде соттун катышуусу менен жоюлгандан тышкары учурларда).
Юридикалык жактын жоюлгандыгын каттоо төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
— юридикалык жактын мүлкүнүн менчик ээси же юридикалык жакты өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу орган каттоочу органга төмөнкү документтерди берет:
— юридикалык жакты жоюу жөнүндөгү чечимдин (соттун, ыйгарым укуктуу органдын, юридикалык жактын мүлкүнүн менчик ээсинин) көчүрмөсү;
— уюштуруу документтеринин түп нускаларын, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо же кайрадан каттоо жөнүндөгү күбөлүктү;
— салык инспекциясынын бюджет алдында карызы жок экендиги жөнүндө корутундусу жана юридикалык жактын мөөр менен штамптарын өткөргөндүгү жөнүндө милиция органынын справкасы, эсепти (эсептерди) жабуу тууралу банктын справкасы, камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызы жок экендиги тууралу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун справкасы;
— юридикалык жакты жоюу жөнүндөгү документтерди жана кабыл алуу-өткөрүү документтеринин актылары сакталган архивдеги орду жөнүндө мамлекеттик архивдин корутундусу.
Жогоруда аталган документтерди алуу менен каттоочу орган юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине тийиштүү жазууну киргизет жана юридикалык жак жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө статистика органына билдирет.
Жоюу процесси аяктагандан же жоюу балансы берилгенден тартып 10 күн ичинде каттоочу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана юридикалык жактын уставында белгиленген жоюу тартибинин сакталышын текшерүү;
— жоюу тартиби сакталган учурда юридикалык жактын иш-аракетин токтоткондугу жөнүндө маалыматты реестрге киргизүү тууралу буйрук чыгаруу. Юридикалык жакты жоюунун белгиленген тартибинин сакталбагандыгы аныкталган учурда каттоочу орган каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат;
— реестрге юридикалык жактын жоюлушу жөнүндө жазуу;
— уюштуруу документтеринин түп нускасын юстиция органынын архивине тапшыруу;
— юридикалык жактын жайгашкан жери боюнча статистика жана салык органдарына юридикалык жактын жоюлушу аяктагандыгы жана анын реестрден чыгарылгандыгы тууралу билдирүү.
Юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине юридикалык жактын иши токтотулгандыгы тууралу жазуу киргизилген учурдан тартып юридикалык жак токтотулду деп эсептелет.
Юридикалык жактын филиалын же өкүлчүлүгүн жоюуну каттоо төмөндөгүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:
филиалды же өкүлчүлүктү жоюу тууралу чечимди кабыл алган юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы — Кыргыз Республикасынын резиденти, болбосо анын өкүлү филиалдын же өкүлчүлүктүн жайгашкан жери боюнча каттоо органына төмөндөгүдөй документтерди тапшырууга милдеттүү:
— филиалды же өкүлчүлүктү жоюу тууралу ыйгарым укуктуу органдын чечимин;
— филиалды же өкүлчүлүктү уюштуруу документтеринин, эсептик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түпнускаларын;
— филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрүн жана штамптарын өткөргөндүгү тууралу милиция органынын справкасын жана эсепти жабуу тууралу банктын справкасын.
Кыргыз Республикасынын резиденти эмес — юридикалык жактын өкүлү салык текшерүүсүнүн актысын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) бюджетке карызы жок экендиги жөнүндөгү салык инспекциясынын справкасын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төлөмдөр боюнча карызы жок экендиги тууралу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун справкасын кошумча тапшырууга милдеттүү.
Каттоочу орган көрсөтүлгөн документтерди алып, ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө каралган иштерди аткарууга милдеттүү.
(КР 2003-жылдын 18-январындагы N 29 Мыйзамынын:39888}, 2005-жылдын 12 июлундагы N 104 Мыйзамынын, 2008-жылдын 2-июнундагы N 109 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

18-статья. Мамлекеттик бийлик органдарын түзүүнүн жана ишинин
токтотулушун каттоонун өзгөчөлүктөрү

Мамлекеттик бийлик органдарын каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан төмөндөгүдөй тартипте жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тиешелүү ченемдик укуктук актыны алгандан кийин, 10 күндүк мөөнөт ичинде төмөндөгүлөргө милдеттүү:
— мамлекеттик бийлик органын юридикалык жак катары каттоо тууралу буйрук чыгарууга;
— юридикалык жакты мамлекеттик каттоо тууралу күбөлүктү берүүгө;
— юридикалык жак тууралу маалыматтарды реестрге киргизүүгө.
Мамлекеттик бийлик органдары жөнүндө маалыматтардын өзгөрүлүшүн каттоо ушул эле тартипте жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик бийлик органын кайра уюштуруунун натыйжасында ишинин токтотулушун каттоо тиешелүү ченемдик укуктук акт алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан төмөндөгүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:
— мамлекеттик бийлик органынан юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) тууралу күбөлүктүн, түпнускасын жана мөөр менен штамптарды өткөргөндүгү тууралу справканы суратат;
— юридикалык жактын ишинин токтотулушун каттоо тууралу буйрук чыгарат;
— юридикалык жактын ишинин токтотулушу тууралу реестрге жазуу киргизет;
— юридикалык жактын ишинин токтотулушу тууралу 10 күн ичинде статистика жана салык органдарына билдирет.
Мамлекеттик бийлик органын жоюунун натыйжасында ишинин токтотулушун каттоодо, юридикалык жакты жоюу тууралу чечимди кабыл алган менчик ээси же ыйгарым укуктуу орган каттоочу органга төмөндөгүдөй документтерди тапшырат:
— юридикалык жакты жоюу тууралу (соттун, ыйгарым укуктуу органдын, юридикалык жактын менчик ээсинин) чечимдин көчүрмөсүн;
— уюмдаштыруучу документтердин, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо же кайра каттоо күбөлүгүнүн түпнускаларын;
— мөөрлөрдү жана штамптарды милиция органына өткөргөндүгү тууралу справканы, эсепти жабуу тууралу финансы органынын справкасын.
(КР 1999-жылдын 13-июлундагы N 68 Мыйзамынын, 2003-жылдын 18-январындагы N 29 Мыйзамынын:39888}, 2008-жылдын 2-июнундагы N 109 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

19-статья. Талаш-тартыштарды каттоо

Юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон баш тартууга байланышкан талаштар, ошондой эле мындай каттоодон качуу, юридикалык жакты уюштуруучу менен каттоо жүргүзүүчү мамлекеттик органдын ортосундагы башка талаш-тартыштар кызыкдар тараптын арызы боюнча сотто каралат.

20-статья. Мыйзамдын бузулушу үчүн жоопкерчилик

Мамлекеттик каттоодон өтпөй туруп юридикалык жак катары ишкердик кылууга жол берилбейт. Мамлекеттик каттоосуз жүргүзүлгөн ишкердиктен алынган киреше Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттин кирешесине чегерилип коюлат.
Юридикалык жак жөнүндө маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө бир айлык мөөнөт ичинде билдирбей коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
Каттоочу орган юридикалык жакты каттоодон мыйзамсыз баш тарткан учурда арыз берүүчү өзү тарткан зыяндарынын ордун толтуруп берүүнү сот тартибинде талап кылууга укуктуу.
(КР 2003-жылдын 18-январындагы N 29 Мыйзамынын:39888} редакциясына ылайык)

21-статья. Бул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

1. Бул Мыйзам 1997-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
2. Бул Мыйзам колдонууга киргизилгенге чейин катталган юридикалык жактар алардын уюштуруучулары юстиция органдарында кайрадан катталуу жөнүндө чечим кабыл алмайынча катталууга тийиш эмес. Мындай юридикалык жактарды каттоо жөнүндөгү күбөлүктөр алар иштеген бардык мөөнөткө жарактуу.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1997-жылдын 1-январына чейин:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизсин;
— өзүнүн чечимдерин бул Мыйзамга ылайык келтирсин;
— бул Мыйзам колдонууга киргизилгенге чейин юстиция органдарынын юридикалык жактарды каттоо боюнча ишине шарт түзүү боюнча чара көрсүн.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы N 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

1996-жылы 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
кабыл алган