Бишкек шаары
2007-жылдын 13-июну N 86

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө

1-статья. Ушул Мыйзам жөнгө салуучу жагдай

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши жөнүндөгү материалдарды же кабарларды мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.

2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаты — уюштуруучусу мамлекеттик бийлик органы болгон жалпыга маалымдоо каражаты;
мамлекеттик региондук жалпыга маалымдоо каражаты — областтык, шаардык жана райондук мамлекеттик бийлик органдары менен бирге мамлекеттик бийлик органдары же болбосо областтык, шаардык жана райондук мамлекеттик бийлик органдары гана уюштуруучусу болгон жалпыга маалымдоо каражаты;
мамлекеттик бийлик органдары — Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, укук сотунун системасынын соттору жана судьялары;
маалымат программалары — автордук маалымат-аналитикалык программаларын кошпогондо, кун сайын берилүүчү жаңылыктардын теле жана радиопрограммалары;
аналитикалык программалар — окуяларга талдоо жүргүзүүчү, узактыгы 20 мүнөттөн кем болбогон апта сайын берилүүчү теле жана радиопрограммалар.

3-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин чагылдыруу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык расмий иш чараларын аудио жана видеотартмаларды жүргүзүп, ал материалдарды беш жыл бою архивде сактайт.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери жабык жыйналыштарды тартып алууларды кошпогондо, тартып алынгандар менен таанышууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга укуктуу.
Ушул статья аккредиттелген журналисттердин жыйналыштарда жана башка ачык расмий иш-чараларда өзүнүн аудио-видеотартмаларын алуу укугун чектебейт.
Журналисттерди аккредиттештирүүнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы бекиткен Жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин аккредиттештирүү тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы жүргүзөт.
Уктуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттери жана комиссиялары жана теле-радиоуктуруу мекемелеринин редакцияларынын жетекчилери менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы тарабынан иштелип чыгат, андан кийин теле-радио программаларын уктуруу сеткасына кошулат.

4-статья. Милдеттүү телекөрсөтүү жана радиопрограммалар

Мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мекемелери тийиштүү телекөрсөтүү жана радиопрограммаларды уктуруунун бекитилген сеткасына ылайык толук көлөмдө, бирок төмөнкүдөй окуялар болгон учурдан тартып жыйырма сааттан кечиктирбей жайылтууну камсыз кылууга милдеттүү:
— алып уктуруу — көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кайрылуулары жана билдирүүлөрү;
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи жыйналышынын ачылышы;
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышын толук чагылдыруу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү добуш берген жыйналыштары ошол күндөгү уктуруунун сеткасы тарабынан бекитилген бардык берүүлөр эфирге чыккандан кийин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын чагылдыруу мамлекеттик жана расмий тилдерде жүзөгө ашырылат.

5-статья. Маалымат программалары

Мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мекемелери маалымат программаларына төмөнкүдөй билдирүүлөрдү (окуяларды) киргизет:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин карамагына берилген маселелер боюнча эң маанилүү чечимдери жана иш-аракеттери жөнүндө;
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин билдирүүлөрү жана кайрылуулары жөнүндө,
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарында Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чыгып сүйлөшү тууралу;
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана депутаттык бирикмелеринин (фракциялардын, депутаттык топтордун) пресс-конференциялары жөнүндө;
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимдери менен аныкталуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин дагы башка коомдук мааниге ээ болгон фактылары жөнүндө.
Мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мекемелери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегацияларынын чет өлкөлөргө жасаган расмий визиттери жөнүндө, ошондой эле расмий адамдардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жасаган визити жөнүндө калкты жана жарандык коомду ыкчам кабардар кылууну камсыз кылууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштары өткөрүлбөгөн убакыттан тышкары учурда, мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мекемелери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, анын комитеттери менен комиссияларынын ишинин жыйынтыктары, парламенттик угуулардын өткөрүлүшү, кыргыз жана четөлкөлүк парламентаризмдин тарыхы жана иш тажрыйбасы жөнүндө узактыгы бир сааттан кем болбогон маалымат-агартуу жагынан обзордук программаларды апта сайын эфирге чыгарып турууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши жөнүндөгү маалымат программаларын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына трансляцияланышын жана ретрансляцияланышын камсыз кылууга тийиш.

6-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын
мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып
сүйлөшү

Мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мекемелери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык бирикмелеринин (фракциялардын жана депутаттык топтордун) жазуу жүзүндөгү кайрылуулары боюнча республикалык теле- жана радио канал боюнча жылына эки жолудан ашык эмес жана регионалдык теле- жана радио каналдан теле жана радиопрограммалардын уктуруу сеткасына ылайык үч айда бир жолу чыгып сүйлөө мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш.
Чыгып сүйлөө жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү өтүнүч эфирге чыгуудан мурда эки жумадан кечиктирбей берилүүгө тийиш.
Берүү алдын ала жазып алуусуз ("түз эфирде") жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары журналисттердин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши жөнүндө берүүлөрдү даярдоо процессине кийлигишүүгө акысы жок.
Бир теле- жана радио берүүгө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир нече депутаттары катыша алышат.

7-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык
топторунун өкүлдөрүнүн телекөрсөтүү жана радио
талаш-талкуулары

Мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мекемелери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык бирикмелеринин (фракциялардын жана депутаттык топторунун) өкүлдөрүнүн талаш-талкуулар программаларын уктуруу сеткасына ылайык кварталына кеминде бир жолу эфирге чыгарууга тийиш.
Мындай ар бир теле жана радиопрограмманын узактыгы отуз мүнөттөн ашпоого тийиш.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналистинин (журналисттеринин) мындай программаларга катышуусуна чектөө коюлбайт.
Алып баруучу журналист талаш-талкуулардын катышуучулары үчүн бирдей шартты камсыз кылууга милдеттүү.
Талаш-талкуулардын катышуучулары этиканы сактоого, бири-бирине жана алып баруучу журналистке (журналисттерге) акарат келтирүүгө жол бербөөгө жана өздөрү кабыл алган талаш-талкууларды өткөрүү эрежелерин сактоого милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык депутаттык бирикмелеринин (фракциялардын жана депутаттык топторунун) өкүлдөрү менен биргеликте телекөрсөтүү жана радио талаш-талкууларга катышуу кезегин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык бирикмелеринин (фракциялардын жана депутаттык топторунун) өкүлдөрүнүн катышуусу менен аныктайт.

8-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кесиптик жардамы

Мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мекемелери ар кандай программаларда алардын каналынан чыгып сүйлөй турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына эфирге чыгаар алдында даярдык жүргүзүп, зарыл болгон кесиптик жардамды камсыз кылууга тийиш.

9-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттарында материалдарды жарыялоо
тартиби

"Эркинтоо" гезити Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына айына бир жолу А3 форматындагы бир беттин төрттөн бир бөлүгүн берүүгө тийиш.
Мамлекеттик региондук жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аймактык округу боюнча шайланган депутатынын өтүнүчү боюнча шайланган жериндеги жасаган иштери тууралу жарыялоо мүмкүнчүлүгүн түзүп, квартал сайын А3 форматындагы бир беттин төрттөн бир бөлүгүн берүүгө тийиш.

10-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши жөнүндө
программаларды алып уктуруунун-көрсөтүүнүн шарттары

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши жөнүндөгү телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мекемелеринин тематикалык телекөрсөтүү жана радиоуктуруу программалары жарнак материалдар же билдирүүлөр менен токтотулбоого тийиш.

11-статья. Укукка сыйбаган аракеттерге даттануу

Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин чагылдыруунун ушул Мыйзамда белгиленген тартибин бузган аракеттер боюнча сотко даттанууга болот.

12-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

13-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби жөнүндө

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

2007-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган