Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарынын түзүү жана колдоо боюнча Бирдиктүү Талаптар


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 14-декабрындагы
N 594 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
веб-сайттарынын түзүү жана колдоо боюнча
Бирдиктүү Талаптар

Терминдер сөздүгү
1. Киришүү
2. Жалпы талаптар
3. Веб-сайттын маалыматтык материалдарына талаптар
4. Веб-сайттын программалык камсыз болушуна талаптар
5. Дизайнга талаптар
6. Мамлекеттик интернет портал үчүн сунуштар
7. Корутунду

Терминдер сөздүгү

Маалыматтык системаларда маалыматтын (документтин) актуалдуу абалы - маалыматтык системаларда берилген анын акыркы версиясында, анын ичинде белгиленген тартипте киргизилген өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) эсепке алуу менен маалыматтын (документтин) мазмунунун шайкеш келиши. Маалыматты (документти) жаңылоо фактысы тиешелүү маалыматтык билдирүү менен коштолот.
Коопсуздук - маалыматтарды жоготуудан, бурмалоодон, бузуудан жана санкциясыз пайдалануудан коргоо үчүн бүтүндүктүн, өз алдынчалыктын, жеткиликтүүлүктүн жана натыйжалуулуктун кааланган деңгээли.
Веб-... - Дүйнөлүк желеге (www, World Wide Web) же Дүйнөлүк желе принциби боюнча уюшулган маалымат алмашуунун корпорациялык тармагына таандыкдыкты белгилөөчү жалгама сөз.
Веб-серепчи же Веб-браузер - ар кандай Интернет-ресурстарды навигациялоо жана кароо үчүн колдонулган программа.
Веб-бет - Интернет боюнча жеткиликтүү гипертекстүү ресурс.
Веб-сайт же Интернет-сайт - атайын программалардын - веб-серепчилердин жардамы менен компьютердик тармак аркылуу кароого арналган бири-бири менен байланышкан маалыматтык онлайн ресурстарынын топтому. Веб-сайт электрондук түрдө документтердин топтому, онлайн кызматы болушу мүмкүн.
Дүйнөлүк желе, world wide web (www) - Интернет аркылуу жеткиликтүү боло турган веб-сайттардын түркүмү.
Документ - материалдык булакта жазылган, аны идентификациялоого күнүмдүк берүүчү реквизиттери бар маалымат.
Интернет - маалымат алмашуу үчүн бири-бири менен бириктирилген өз алдынча компьютердик тармактардын глобалдуу (дүйнөлүк) түркүмү.
Маалымат технологиялары (МТ) - маалыматты, түзүү, сактоо жана башкаруу менен байланышкан технологиялар.
Маалыматтык билдирүү - мамлекеттик органдын иш-аракетиндеги айкын фактылар, окуялар жана процесстер жөнүндө пайдалануучуга айткан билдирүүлөрдү камтыган маалымат (документ).
Маалыматтык материал - мамлекеттик башкаруу органдарынын иш-аракетиндеги фактылар, окуялар жана процесстер жөнүндө кеңири билдирүүлөрдү камтыган маалымат (документ), ал айрым бири-бири менен мазмуну байланышкан документтерди же/жана алардын бөлүктөрүн камтышы да мүмкүн.
Кластер - көп машиналуу эсептөөчү система, ал жалпы дискалык эске тутуусу (жалпы файлдар системасы), машиналар аралык өз ара аракеттешүү жана маалымат базасынын бүтүндүгүн кармоо каражаттары менен автономдуу системалардын жыйындысы түрүндө болот. Кластерлерди пайдалануу системанын өндүрүмдүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн арттырат, анткени бир компьютер иштебей калса анын ишин башка компьютер өзүнө алат.
Кардар - башка программадан же компьютерден тейлөө, ресурс, маалымат же иштетүүнү сураган пайдалануучу, компьютер же программа.
Контент - веб-сайттын маалыматтык ресурстары (мазмуну, маалыматтык толумдугу).
Метамаалыматтар - камтылган маалыматтын мазмунун кыскача баяндоо.
Мультимедия технологиялары - үн жана видеону пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган технологиялар.
Маалыматтык мүнөздөгү баяндама (маалыматтык баяндама) - эреже катары, бир нече маалыматтык билдирүүдөн же маалыматтык материалдан кабарлоолорду камтуучу маалыматтык материал.
Онлайн (тармактык) кызматы - маалыматты тармак аркылуу реалдуу убакытта берген кызмат.
Онлайн ресурсу - маалымат алмашуу тармагына кошулган компьютер аркылуу реалдуу убакытта жеткиликтүү болгон ресурс. Онлайн ресурстары түрүндө оперативдүү маалымат же программа же башка пайдалануучу менен диалог режиминде иштөө мүмкүндүгү берилет.
Программалык камсыз кылуу - аппараттык курамга эмес, компьютерлер үчүн программаларды сүрөттөгөн жалпы түшүнүк.
Протокол - эки же бир нече системанын ортосунда маалымат алмашуу эрежелери менен берилүүчү билдирүүлөрдүн сүрөттөлүш форматы.
Маалыматтарды берүү тармагы - бир же андан көп түзүлмөлөр (мисалы, компьютерлер) ортосунда маалымат алмашуу үчүн биригүүсү
Смарт-карта - кошо орнотулган микропроцессору менен пластик карточкасы. Смарт-карта электрондук төлөөлөрдү жүргүзүү үчүн, онлайн тармактык кызмат же башка тейлөөгө жетүү үчүн колдонулат.
МББС (маалыматтар базасын башкаруу системасы) - маалымат базаларында маалыматты түзүү, сактоо, жаңыртуу жана табууну камсыз кылган тиркеме.
Телекоммуникациялар - маалыматтын бардык түрүн, анын ичинде үн, видео ж.б. менен байланыштын телефондук линиясы аркылуу компьютерлер ортосунда алмашуу.
Электрондук цифралык кол коюу - ЭЦКнын жабык ачкычын колдонуу менен баштапкы маалыматты өзгөртүп кайра түзүүнүн натыйжасында алынган символдордун ырааттуулугу, ал ЭЦКнын ачык ачкычын пайдаланууга, ошондой эле ЭЦКнын жабык ачкычынын ээсине да ошол маалыматтын бүтүндүгүн жана өзгөрүлбөстүгүн орнотууга мүмкүндүк берет.
Электрондук соода, электрондук коммерция - бизнес субъекттеринин коммерциялык өз ара аракеттери Интернет аркылуу жүргүзүлүүчү бизнес-активдүүлүктүн бир түрү.

1. Киришүү

Бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарынын түзүү боюнча Бирдиктүү талаптар (мындан ары - Бирдиктүү талаптар) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-мартындагы N 54 "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар" Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар" Улуттук стратегиясын, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин 2003-жылдын 16-сентябрындагы N 3 чечими менен бекитилген "Электрондук өкмөт" боюнча Концепцияны жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасында "Электрондук өкмөттү" түзүүгө багытталган иш-чаралар биринчи кезекте мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калк менен интерактивдүү диалог түзүү мүмкүнчүлүгүн көздөйт, ошондуктан веб-сайттардын негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- Интернет аудиториясын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын иш-аракети менен тааныштыруу;
- калкка, бизнес-түзүмдөргө, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдарга статистикалык жана "он-лайн" режиминде кызмат көрсөтүү;
- электрондук башкаруу идеяларын жана ыкмаларын пропагандалоо,
- потенциалдуу инвесторлорду мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тейлеген тармактагы программалар, долбоорлор менен тааныштыруу;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдар менен иштерин оптималдаштыруу;
- өнөктөрдү жана кардарларды табуу;
- ведомстволук уюмдардын алыскы офистери менен "он-лайн" режиминде иштөө.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарын (порталдарын) түзүүдө мамлекеттик түзүлүштүн төмөнкүдөй жалпы максаттары коюлат:
- коомдун жана мамлекеттин кызматташуусун чыңдоо;
- экономикалык жана социалдык өнүгүүгө көмөктөшүү;
- өзгөрүлгөн шарттарга натыйжалуу мамиле кылуу;
- башкарууга кеткен бюджеттик чыгашаларды оптималдаштыруу.
Бирдиктүү талаптардын максаттарынын бири Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык материалдарынын мазмуну жана аларды берүүгө, маалымат түзүмүнө, веб-сайттардын жана порталдардын дизайн-концепциясына тиешелүү талаптарды иштеп чыгуу болуп саналат.
Бирдиктүү талаптардын милдеттерине иште колдонулган курамдык бөлүктөрдү жана маалымат ресурстарын тышкы көрүнүшү жана стили, (графикалык дизайны), маалыматтык толуктамасы жактан да, жалпы динамикалык ресурстарды кошуп, тыгыз интеграциялоону камсыз кылуу кирет.
Бирдиктүү талаптар камсыздоо зарыл болгон милдеттүү талаптардан жана технологиянын өнүгүшү менен мүмкүнчүлүгүн эске алып аткарыла турган сунушталган талаптардан турат. Сунушталган талаптар нумерациядан кийин тамгалар (РТ) менен белгиленет.

2. Жалпы талаптар

2.1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарын иштеп чыгууда төмөнкүлөрдү эске алуу керек:
веб-сайттардын бардык маалыматтык материалдарын "Мамлекеттик Интернет-порталга" интеграциялоо перспективасын (http://www.gov.kg), аны маалыматка жеткирүү жана маалыматты жайылтуу боюнча бирдиктүү тармактык маалымат-коммуникациялык инфраструктура катары кароо керек;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттын инфраструктурасына коомдун жана мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүү проблемалары жана актуалдуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү жана туруктуу диалог түзүү механизмдерин киргизүү керектиги;
- веб-сайттардын сервистеринде жана маалыматтык ресурстарында жеке (калктын топтору боюнча) жана юридикалык жактардын (иштин түрлөрү боюнча) реалдуу жана перспективалуу муктаждыктарынын курамы;
- веб-сайттардын инфраструктурасын тууралоодо жана модернизациялоодо ийкемдүүлүктү жана оперативдүүлүктү камсыз кылуу зарылдыгы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын күнүнкү жана перспективалуу маселелерин чечүү мүмкүнчүлүгү;
- веб-сайттардын инфраструктурасынын жалпыга жеткиликтүү бөлүгүнө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын иштешинин натыйжалуулук көрсөткүчүн киргизүү зарылдыгы;
- Интернет-стандарттар менен макулдашуу: Интернетте жайылган жана маалыматтык системаны куруу практикасында жалпы колдонулуучу жалпы спецификацияларды универсалдуу пайдалануу ("Программалык камсыз кылууга талаптар" бөлүмүндө толугураак берилет).

2.2. Веб-сайттардын даректери

2.2.1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын веб-сайтынын даректери gov.кg домендик зонада милдеттүү түрдө катталышы керек жана Кыргыз Республикасынын аймагында серверде (хостинг) жайгаштырылууга тийиш. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жогорку деңгээлдеги жалпыга жеткиликтүү башка домендерде даректери болушу мүмкүн (.com, .org, .net, .info ж.б.).
2.2.2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайты Мамлекеттик Интернет Портал http://www.gov.kg аркылуу жеткиликтүү болушу керек.
2.2.3. Дүйнөлүк маалымат ресурстарына интеграциялоо максатында ведомствонун негизги дареги дүйнөлүк практиканы эске алып англис тилинде аныкталышы керек. Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттары башка тилдердеги даректерди кошо алганда кошумча даректерге ээ болушу мүмкүн.
2.2.4. Веб-сайт сателлиттердин дареги мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарына төмөнкү деңгээлдеги домен катары жеткиликтүү болушу керек.
2.2.5. Мамлекеттик органдын борбордук аппараттарында айрым башкармалыктардын же бөлүмдөрдүн веб-сайттарынын даректери мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайтындагы өз алдынча папкалар катары жеткиликтүү болушу керек.
2.2.6. Бардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттардын жаңылыктар, форум, вакансиялар, документтер деген айрым бөлүктөрү үчүн туруктуу даректери болушу керек.
2.2.7. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык подразделениелеринин региондук, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан төмөнкү деңгээлдеги домен катары региондук жана тармактык даректери болушу керек.
2.2.8. (РТ) Киберсквоттингге (үчүнчү адамдардын башка максатта окшош аталыштарды пайдалануусу) кабылып калбоо максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын окшош веб-сайттарынын аталыштарын каттоо сунушталат.

2.3. Веб-сайттардын тил жактан камсыз болушу

Веб-сайт 2 тилде: кыргыз жана орус тилинде жасалышы керек, ошондой эле англис тилинде болушу мүмкүн. Веб-сайттын ар кандай тилдеги версиялары веб-сайттын кыргыз тилиндеги версиясына окшош болууга тийиш. Тексттин котормосун веб-сайттын ээси камсыз кылышы керек.
Веб-сайттын ар бир версиясына порталдын жалпы стилин сактоочу беттердин жеке шаблондору иштелип чыгышы керек. Шаблондогу бардык графикалык элементтер тийиштүү тилде аткарылат, меню жана башка навигациялык элементтердин түзүмү тиешелүү версиянын түзүмүнө ылайык келиши керек. Интерфейстин кызматтык талаалары жана тексттеги элементтери шайкеш которулушу керек.
Пайдалануучунун ар убакта веб-сайтты карап жатканда бир версиядан экинчи версияга көчүп туруу мүмкүнчүлүгү болушу керек. Эгерде тилден тилге көчкөндө карап жаткан беттин тандап алган версиясында эквиваленти жок болсо ошол бөлүмдүн биринчи бетине көчүү жүргүзүлүшү керек, эгерде ал да жок болсо - тандап алган тилдеги веб-сайттын картасына көчүп барышы керек.

2.4. Маалыматты издөө жана алуу модулу

Веб-сайтка берилген маалыматы толук, так жана актуалдуу болушу керек. Аны уюштуруу үчүн бир нече ыкмалар колдонот: жаңыртуу тууралуу жарыялар, толук тексттүү издөө, иерархиялык рубрикатор.
Издөө веб-сайттын толук тексттүү индексин колдонуу менен жүргүзүлөт, анын жаңыртылышы веб-сайттын администратору белгилеген график боюнча өзүнөн өзү жүргүзүлүп туруш керек. Издөөдө пайдалануучу киргизген кыргыз (орус же англис) тилинин сөздөрүн морфологиялык талдоо колдонушу керек жана алардын бардык сөз түркүмдөрүн издөө жүргүзүлүшү керек. Система сөз ортосундагы логикалык мамилелерди (ЖАНА, ЖЕ, ЖОК) тапшырмалап кеңири издөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы керек. Жалпы издөөдөн тышкары веб-сайтта анын конкреттүү бөлүктөрү үчүн спецификалуу маалыматтарды издөөгө локалдуу издөө интерфейстери жана чыпкалар жеткиликтүү болушу керек.

2.5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары менен жарандардын жана уюмдардын өз ара аракеттенүү
модулу

Бул функция Интернет боюнча (толугу менен же жарым-жартылай) керектүү маалымкат же уруксат сурап алуу үчүн жарандарга жана уюмдарга жардам берген сервистердин топтому менен камсыз кылынат. Алар интернет-сайт аркылуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каралган отчеттуулукту (салык, статистикага байланыштуу) бериши мүмкүн. Албетте, компьютерди ар кандай деңгээлде пайдаланган жарандарга жана уюмдардын өкүлдөрүнө билдирүүлөрдү жеңил даярдап жиберүүгө жардам берген ыңгайлуу интерфейстен башка бул система жашырын маалыматтын керектүү корголушун камсыз кылышы керек. "Веб-сурап билүүлөр" модулу да керектүү болуп саналат, ал кандайдыр бир проблеманын артыкчылыгы жөнүндө, аны чечүү ыкмалары жана методдору жөнүндө веб-сайттын аудиториясынын сунуштарын билүү үчүн керек.

2.6. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары жарандар жана уюмдар үчүн иш-чараларды өткөрүшү
(РТ)

Веб-сайттын атайын блогу ("соода аянтчасы") зарыл учурда мамлекеттин муктаждыгы үчүн тиги же бул иштерди аткарууга уюмдар жана ишканалар арасында тендер өткөрүүнү камсыз кылат. Веб-сайтка тендер жөнүндө, анда катышуу шарттары жана талапкер толтура турган атайын формалардын топтому тууралуу жарыя берилет. Порталды программалык камсыз кылуусу келген арыздарды чогултуп, жыйынтык чыгарууга жардам берет.

3. Веб-сайттын маалыматтык материалдарына талаптар

Веб-сайттагы берилген маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ("Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, автордук укуктарды коргоо жөнүндө мыйзамдар), тийиштүү органдын уставына жана/же жобосуна ылайык келиши керек.
Веб-сайттын (порталдын) түзүмү жана берилген маалыматтын конкреттүү курамы веб-айтты иштеп чыгуунун техникалык тапшырмасында спецификацияланып, конкреттүү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын өзгөчөлүгүн чагылдырышы керек.
Расмий веб-сайтта жайгаштырылган негизги маалыматтык жетүү эркин жана акысыз болууга тийиш.

3.1. Веб-сайтта жайгаштырыла турган маалыматтык материалдар:

- толук расмий аталышы же кыскартылган аталышы;
- мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жөнүндө жобо жана/же уставы (анын ичинде түзүмдүк бөлүктөрдүн жоболору);
- мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иш милдетин жана тартибин аныктаган негизги ченемдик документтер;
- жарандардын жана уюмдардын укуктарын жана милдеттерин камтыган ченемдик актылар;
- мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө маалыматтар;
- суроолор жана жооптор, ченемдик документтердин долбоорлорун жана актуалдуу маселелерди талкуулоо (форум);
- окуялар жана жаңылыктар (мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишаракети жөнүндө пресокызматтын билдирүүсү);
- тармакта же иш алып баруу чөйрөсүндө иш абалы тууралуу маалымат (саясат жана өнүгүүнүн негизги багыттары, статистикалык маалымат, тармактын тарыхы жана жетишкендиктери ж.б.);
- мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өзүнүн милдетине ылайык жарыялаган актуалдуу материалдары;
- өткөн жылдагы иш-аракетинин жыйынтыктары;
- тармакта милдеттерди ишке ашыруу боюнча пландар;
- проблемаларын чечүү боюнча жеке жана юридикалык жактарга сунуштар (типтүү "сценарийлерге" чогултуу сунушталат);
- типтүү документтер (табыштама, бланктар жана аларды толтуруу боюнча нускамалар);
- вакансиялар (ачык вакансиялар жөнүндө маалымат), жумушка кирүү тартиби (мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүү тартиби жөнүндө маалымат, талаптар), жумушка кирүү үчүн керектүү документтер (вакансияга талапкер бере турган документтерди камтыган файлдар реестри, анкеталар, маалымкаттар, формалар, документтер);
- товарларды жана тейлөөнү сатып алууга тендер өткөрүү жөнүндө маалымат;
- электрондук-цифралык жазууларды колдонуу менен юридикалык жана жеке жактардан отчетторду, каттарды, арыздарды, даттанууларды жана башка кайрылууларды кабыл алуу;
- контакттар (контакттык маалыматынын реестри: почталык даректер, веб-дарек, электрондук почта дареги, телефондор, факстар).
- жумуштун жайгашкан жери, иш тартиби жөнүндө толук маалымат;
- мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын жетекчилери жана жетекчилердин кабыл алуу графиктери тууралуу жалпы маалымат;
- ведомстволук органдар жана уюмдар жөнүндө маалымат;
- республикалык жана эл аралык программаларга жана долбоорлорго катышуу жөнүндө маалымат;
- графикалык иллюстрациялар жана фотогалерея (мүмкүнчүлүккө жараша);
- бөлүмдөр боюнча издөө;
- калк, жеке сектор жана Интернет пайдалануучуларга мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунушталган сервис-кызмат көрсөтүүлөр.
Базалык маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары расмий веб-сайт аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акы төлөтүүчү негизде кошумча кызматтарды көрсөтө алат.
Маалыматтык материалдарды колдонууда расмий веб-сайтка сөзсүз шилтеме жасоо керек.

3.2. Маалыматтык материалдарды даярдоого жана жайгаштырууга жалпы
талаптар

Маалыматтык материалдарды даярдоо жана жайгаштыруу элге берилүүчү (жалпыга жеткиликтүү) маалыматтарга, Интернет тармагында маалыматты жайгаштырууну жана электрондук өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келиши керек. Эң негизги өзгөчөлүктөрдүн бири Интернет тармагында мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жайгаштырган маалыматынын ачыктыгы болуп саналат. Мамлекеттик сырга тиешелүү маалымат болбошу, ошондой эле жыйындыда бардыгы мамлекеттик сыр болбошу керек.
Интернет тармагында жайгаштырыла турган материалдар веб-сайттагы документти жарыялаган кызматкердин аты-жөнүн жана кызматын бериши керек жана документ жарыяланган күнүн, зарыл учурда ошол документтин иштөө мөөнөтүн көрсөтүү керек.

3.3. Маалыматтык материалдардын сапатына талаптар

Интернет тармагында жайгашкан материалдар төмөнкү сапаттык талаптарга жооп бериши керек:
- басма үчүн версиясы болушу керек,
- аткаруу бийлик органдарынын иш-аракети жөнүндө жарыяланган маалыматтарга коюлган талаптарга жооп бериши;
- күнү көрсөтүлүп жана дайыма жаңыланып турушу керек. Жаңылоо жыштыгы мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет;
- материалдар күнүнкү абалды так чагылдырып туура болушу керек. Материалда каталар же жаңылыштык табылса жооптуу кызматкерлер оңдолгон материалды жарыялоого аракет кылышы керек жана оңдолгону тууралуу пайдалануучуларга кошумча маалымдашы керек. Жаңы документ (оңдолгон) милдеттүү түрдө комментарий менен коштолот;
- каталардын жоктугу (грамматикалык, орфографиялык, пунктуациялык, стилистикалык, мааниси боюнча);
- мамлекеттик жана расмий тилдерде берилиши керек. Расмий веб-сайттын башка тилдерде версиясы болушу мүмкүн;
- материалдын формасы менен мазмуну шайкеш болушу. Мазмуну боюнча бир типке тиешелүү материал, башка типке тиешелүү болбошу керек жана тиешелүү бөлүмдө жайгашууга тийиш;
- оперативдүүлүгү, материал Интернет тармагында жарыялоонун белгилүү мөөнөтүндө жайгаштырылышы керек;
- материалдын формасы менен реквизиттик курамынын шайкештиги. Мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы:
- уюмдун веб-сайтында камтылган маалыматты түзүүгө, жайгаштырууга, ошондой эле жаңылоого жооптууларды аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү подразделениеси менен макулдашуу боюнча жактар (подразделение) чөйрөсүн жөнгө салат;
- расмий веб-сайтта жайгаштырылган маалыматтын жок болушуна, жабылып калышына, бурмалоого, жасалма болушуна жана башка санкцияланбаган кийлигишүү формаларына жол бербөө боюнча тиешелүү коргоо чараларын көрөт.
Расмий веб-сайтта жайгаштырылган маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалымат менен бирдей күчкө ээ.

4. Веб-сайттын программалык камсыз болушуна талаптар

4.1. Жалпы талаптар

Сервистердин талаптагы татаалдыгына жана чечмелөө масштабына жараша веб-сайт ар кандай дайындоосу бар компоненттерди камтышы мүмкүн. Веб-сайт Интернетке туруктуу ылдам кошулган компьютерде же компьютерлердин кластерлеринде жайгаштырылат.
Веб-сайттын иштеши үчүн сервердик операциялык система керек, ал иштин ишенимдүүлүгүн, көп милдеттерди бир мезгилде аткаруу мүмкүнчүлүгүн, транзакциялык колдоону камсыз кылат.
Интернет-сайттын иштеши үчүн веб-сервер да керек. Бул Интернет-протокол боюнча беттерди көрүүчүлөргө жеткирүү үчүн жөнөкөй программалык сервер болушу мүмкүн. Эгерде өтө күчөгөн иштетүүгө жакшы көнүмдүүлүк, көрсөтүлүүчү беттердин жекелештирүү мүмкүндүгү, татаал иш операцияларын камсыз кылуу керек болсо бизнес-логика элементтери кошулган атайын тиркемелер сервери колдонулат.
Веб-сайт эки системаны камтышы керек - веб-сайтты башкаруу системасын (түзүмү, дизайны, навигациясы) жана контентти башкаруу системасын (маалыматты жарыялоо жана түзөтүү, бөлүмдөрдө шилтемелерди динамикалуу жаңыртуу).
Веб-сайттын бардык маалыматы маалымат базасында жайгашуусу керек, анда бардык контент, беттердин шаблондору жана кызматтык маалымат сакталат. Бул сактоо жана модификациялоо, ошондой эле материалдарды издөө жана көрсөтүү үчүн ыңгайлуу.
Эгерде веб-сайт аркылуу бир нече кызматчылар же бөлүмдөр иштетүүнү жана аткарылышын контролдоону талап кылган сурамдардын көлөмү чоң болсо, же веб-сайт бир нече мамлекеттик мекемелерди Интернет тармагында көрсөтсө тиркемелерди интеграциялоо серверин пайдалануу, же көп маалыматтык булактар ортосунда коммуникациялык "көпүрө" ("шлюза") керек.

4.2. Стандарттарга шайкештиги

Веб-сайт үчүн программалык камсыз кылууну иштеп чыгууда Интернетте көп кездешчү жана уюм/ишканалардын маалымат системаларын куруу практикасында жалпы кабыл алынган расмий жана ачык стандарттарды кеңири колдонуу максатка ылайык. Ушундай милдеттерди чечүүдө өзүнүн ылайыктуулугун далилдеген программалык продукту жана архитектуралык чечимдерге артыкчылык берилиш керек:
- веб-серепчилерди мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын маалымат системаларынан маалыматка жетишүүнүн негизги интерфейси катары колдонуу. Башка интерфейстерди веб-серепчилерге негизделген технологияларга кошумча катары гана колдонууга уруксат берилет;
- Интернет тармагында берилүүчү бардык мамлекеттик маалымат ресурстарды метамаалымат менен камсыздоо;
- маалыматты жарыялоону жана издөөнү жеңилдеткен метамаалымат стандартын кабыл алуу жана өнүктүрүү (метамаалыматтардын мамлекеттик стандарты);
- маалыматтын мамлекеттик категорияларынын тизмесин өнүктүрүү жана коштоо (Government Category List);
- бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн стандарттын талаптарын аткаруу милдети.

4.2.1. (РТ) Метамаалымат стандарттары

Документтерди стандартташтыруу жана программалык камсыздоо түрүндө интеграция инфраструктуралары менен катар мамлекеттик маалымат системаларын интеграциялоо максатында маалыматтардын жазылышын стандартташтыруу зарыл. Метамаалыматтар веб-сайтта (порталда) маалыматты издөөнүн натыйжалуулугун камсыз кылуу, начар түзүлгөн маалыматты (документти) сүрөттөө, электрондук документтердин жазмалары бар архивди түзүү үчүн өтө маанилүү.
Маалыматты сүрөттөөнүн 15 элементинен турган "Дублиндик ядро" негиз кылып алынган:
- аталышы;
- автору же түзүүчү;
- тема жана негизги сөздөр;
- сүрөттөө;
- публикатор;
- башка контрибуторлор;
- датасы;
- ресурстун түрү;
- формат;
- ресурстун идентификатору;
- булагы;
- тили;
- байланышы;
- тармагы (coverage);
- укуктарды башкаруу.
"Дублиндик ядродогу" элементтер менен катар элементтерди тактоочу, мисалы: "Түзгөн күнү", "Жарыяланган күнү", "Аракеттин аяктаган күнү" ж.б.
Бул ядрону жөн эле колдонбой, ага зарыл деп эсептелген ар кандай кошумча элементтерди киргизүүгө болот. Маалыматты табууда биринчи инструмент болуп эрежеге ылайык, категорияларды кароо саналат.

4.3. Масштабдоо жөндөмдүүлүгү

Чечимди долбоорлоодо жана ишке ашырууда пайдалануучулардын бардык категориялары тарабынан анын пайдалануу жыштыгын жана ошого керектүү аппараттык жана программалык ресурстарды баалоо керек. Ошол эле учурда чечим пайдалануунун баштапкы этабында аппараттык жана базалык программалык камсыз кылууга өтө көп талаптарды койбой, өндүрүмдүүлүгүн зарылчылыкка жараша керектүү эсептөө ресурстарын кошумчалоо менен көбөйтүү мүмкүндүгү менен долбоорлонушу керек. Веб-сайттын түзүмүндөгү бир аз өзгөрүүлөр системаны түп-тамырына чейин өзгөртүүнү талап кылбашы керек. Пайдалануу жеңилдиги - операторлорго тексттик редакторлор менен иштөөнүн жөнөкөй көнүмдөрүн билишсе жетиштүү, системаны иштеп чыгуучулар тарабынан колдоосу жана иштеп чыгуучулардын "офф-лайнда" жеткиликтүү болушу.

4.4. Кеңейүү мүмкүнчүлүгү

Жаңы функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү кошумчалоо мурдагы иштелип чыккан жана иштетилген бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизүү менен коштолбоосу керек. Эгерде тышкы маалымат системалар өз ара аракеттенүүнү талап кылынса, ал маалыматты берүү жана түзүмдөөнүн жалпы кабыл алынган ачык стандарттарында түзүлүшү керек.

4.5. Коопсуздук саясаты

Уруксатсыз кирүүдөн чечимди коргоону камсыз кылуу концепциясы иштелип чыгышы керек. Ал ишенимдүү базалык программалык продуктулардын ушул тармактагы белгиленген талаптарга жана нормаларга ылайык керектүү кошумча атайын программалык камсыз кылууну кошуу мүмкүнчүлүгү менен айкалышууга негизделиши керек.

4.6. Базалык программалык камсыз кылуу

Ушундай долбоорлордо текшерилген, жетиштүү деңгээлде таркатылган, зарыл сервистик колдоо менен камсыздалган болушу керек. Ошондой эле аны пайдалана билген адистерди даярдоо системасы болушу зарыл.

4.7. Веб-сайтты башкаруу системасы

Веб-сайтты башкаруу системасы менен катар (структурасы, дизайны, навигациясы) контентти башкаруу системасы да керек (маалыматты жарыялоо жана оңдоо, бөлүмдөрдөгү шилтемелерди динамикалык жаңылоо).
Контентти башкаруу системасы маалыматтык технологияларда адис болбогон кызматкерлерге документтерди тез жана сапаттуу жарыялоого, ошондой эле алардын актуалдуулугун кармап турууга жардам берет.
Башкаруу системасы веб-интерфейс аркылуу башкарылышы керек, ал ар кайсы жерден бир нече пайдалануучулар үчүн "веб-сайтты алып баруу" мүмкүнчүлүгүн берет.
Администратордук интерфейстин беттери декоративдүү графикалык элементтерди аз колдонуу менен аткарылышы керек жана маалыматты көрсөтүү менен бирге системанын негизги бөлүктөрү жана функцияларына тез которуп турууну камсыз кылышы керек.

4.8. Маалыматтык билдирүүлөр жана каталар жөнүндө билдирүүлөр

Авариялык жагдайларда ар кандай системалык билдирүүлөрдү берүүгө арналган веб-беттерин алдын ала кароо зарыл:
- туура эмес киргизилген URL (404 Not found);
- уруксатсыз кирүү аракети (403 Forbidden и 401 Not authorized);
- сервердин катасы (500 Internal Server Error). Бул беттер төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- корпоративдуү идентификация элементтерин;
- билдирүүнүн аталышын;
- түшүндүрмө текстти;
- демейдеги кароо режимине келүү үчүн шилтеме (баскыч, графикалык элемент) же билдирүүгө жооп катары кайсы бир аракетти тандап алуу үчүн шилтемелер топтому.

4.9. Веб-форум

Интерактивдүү бөлүм келүүчүлөргө жаны билдирүүлөрдү жайгаштырууга, билдирүүлөргө жооп берүүгө, жоопторду же башка пайдалануучулардын билдирүүлөрүн окууга жардам берет. Билдирүүлөр жана аларга жооптор ортосундагы байланыш иерархиялык бак сымал түрүндө көрсөтүлүшү керек.
Пайдалануучуда толук ачылган билдирүүлөр багын анын аталыштары жана билдирүүлөрдүн өзүн алардын аталыштары менен карап көрүү, айрым талкуулоо тармактарын жабууга же кеңейтүүгө мүмкүнчүлүгү болушу керек. Форумдун тамырдык билдирүүлөрү пайдалануучунун эрки боюнча сорттолушу керек
Билдирүүнү же жоопту кошумчалаганда пайдалануучу төмөнкүнү көрсөтүшү керек:
- автордун аты-жөнүн;
- электрондук почтанын дарегин;
- билдирүүнүн аталышын (темасын);
- билдирүүнүн тексти. Көп саптуу талаада киргизилет, билдирүүнүн текстиндеги атайын символдор фильтрлениши керек.
Маалымат базасындагы билдирүүлөрдү кошумчалаганда системанын администраторуна гана көрүнгөн жиберүүчүнүн IP-дареги катталышы керек. Авторлошкон пайдалануучулар үчүн форманын талаасына аты-жөнү жана электрондук дареги автоматтык түрдө жазылып калышы керек.
Билдирүүлөрдү кошумчалаганда сөгүнүү сөздөргө фильтр коюлушу керек. Текстте нормативдүү эмес лексика табылса пайдалануучуга билдирүүнү редакциялоого кайрылуу сунушу менен жарыялоодон баш тартуу берилүүгө тийиш.
Администратордун талкуулоо багын кароо мүмкүнчүлүгү болушу керек жана ал төмөнкүдөй аракет кылат:
- билдирүүлөрдүн бардык талаасын кароого (анын ичинде жиберүүчүлөрдүн IP даректерин);
- одоно билдирүүлөрдү жок кылууга;
- белгилүү электрондук почталык даректерди (e-mail) көрсөтүп белгилүү IP-даректерден жиберилген белгилүү аты-жөнү менен пайдалануучулардын жиберилген билдирүүлөрүнө тосмо коюу.

4.10. Таркатуу тизмелери

Веб-сайттын программалык камсыз болушунда таркатуу тизмелерди жүргүзүү системасын кароо керек. Бул тексттик маалыматты (ошондой эле тиркеме түрүндө ар кандай башка маалыматты) электрондук почта боюнча жайылтууга жардам берет.

4.11. Электрондук почта менен иштөө

Веб-сайт (портал) пайдалануучуларга мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен электрондук почтанын опциялары аркылуу байланышуу ыкмасын камсыз кылат. Уюм жөнүндө контакттык маалымат жайгашкан "контакттар" бөлүгүн түзүү жана жаңыртуу сунушталат.
Электрондук почтаны жибергенде билдирүүнүн аягында аты-жөнүн, кызматын, уюмдун аталышын, байланыш телефондорун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук почтасынын дарегин жана веб-дарегин көрсөтүү милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү керек.
Башка органдарга жибериле турган электрондук почтанын чыгуучу билдирүүлөрү төмөнкү маалыматты камтышы керек: жиберүүчүнүн аты-жөнү, уюмдун аталышы, телефону жана факс коду менен (кошумча номер), почта дареги, электрондук почтанын дареги жана веб-сайттын дареги.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын ичинде кат алышууда билдирүүлөрдү алгандыгын далилдеген функция киргизилиши керек.

4.12. Статистиканы чогултуу

Веб-сайтты ачып көргөндөрдү талдоо веб-сайттын ээси аныктаган үчүнчү тараптарга таандык статистиканы чогултуунун көз карандысыз бир же бир нече системаларын колдонуу менен жүргүзүлөт. Статистика системасына кошулуу веб-сайттын бардык (анын ичинде программалык генерациялаган) беттеринде графикалык элементти жана кодду жайгаштыруу менен жүргүзүлөт. Статистика системаларында веб-сайтты каттоо тексттик эксплуатациялоо этабында жүргүзүлөт.
Статистика келүүчүлөр жөнүндө төмөнкүдөй маалыматты чагылдырышы керек:
- келүүчүлөрдүн жалпы санын;
- келүүчүлөр келген региондордун санын;
- келүү убактысын;
- веб-сайтта өткөргөн мезгилин;
- беттерди ачып көрүү санын;
- кайсы веб-сайттардан өтүштү жана башкалар.

5. Дизайнга талаптар

5.1. Негизги талаптар

Веб-сайттын талаптагыдай иштешин камсыз кылган оригиналдуу графикалык дизайны болушу керек. Веб-сайт үчүн фирмалык стилдин жана визуалдуу идентификациянын башкаларда жок элементтеринин топтому иштелип чыгышы керек: белги, логотип, түстүү чечилиш, интерфейс элементтери үчүн шарттуу белгилер.
Дизайн төмөнкү негизги талаптарга ылайык болушун камсыз кылышы керек:
- графикалык элементтер веб-беттердеги графикалык маалыматты берүү өзгөчөлүгүн эске алып аткарылышы керек;
- негизги маалыматка жетүүнү болушунча ылдамдатуу керек жана пайдалануучунун көңүлү навигациялык жактан маанилүү элементтерге бөлүнүшү керек;
- негизги маалымат, меню жана навигациянын башка элементтери экрандын чечилишинде браузердин толугу менен ачык терезесинде туурасынан айлантпагыдай кылып жеткиликтүү болушу керек;
- негизги бетте "майда-чүйдөлөр" деген шилтемелер менен ар кайсы бөлүктөрдөн маалыматтын жарым жартылайы бар блоктор системасын колдонуу керек. Бул тиги же бул маалыматка басым жасап, пайдалануучуларды керектүү бөлүккө жиберүүгө өбөлгө түзөт;
- бөлүктөр боюнча навигация интуитивдик - түшүнүктүү болушу керек;
- аталыштарга жана титулдарга көп көңүл бөлүү керек. Четин чыгаруу жана теңдөө системасын эсепке алуу маанилүү. Текст туура жана түшүнүүгө жеңил болушу үчүн аталыштарды, бөлүп коюуларды, абзацтарды верстка кылууда белгилүү принциптерди колдонуу керек.
Веб-сайттын дизайнын иштеп чыгууда төмөнкү принциптерди эске алуу керек:
- дизайн менен иштеп жатканда системалуу мамиле кылуу, алдыңкы тенденцияларды жалпылоо;
- келүүчүгө жана маалыматка көңүл буруу (user centered design);
- ресурс боюнча жеңил навигация кылуу (easy navigation);
- веб-сайтка келүүчүлөрдүн маалыматын жеңил түшүнүү;
- беттердин минималдуу "салмагы" (килобайтта);
- системанын ичинде элементтердин кайталанышын сактоо (модулдуулукту);
- бардык графиканы сапаттуу жана кеңири иштеп чыгуу;
- негизги жана башка беттерде иллюстрациялык образды колдонгондо бөлүмдүн темасына шайкеш болуу жана сүрөттөр файлдарынын көлөмү чакан болушу керек. Иллюстрациялар жана бардык жасалгалоо бирдей стилде болуу зарыл;
- сүрөттөө элементтери, түсү жана фондун ыраңы тексттик объекттердин жеңил окулушуна тоскоол болбошу керек;
- сүрөт объекттер негизги маалыматты биринчи терезенин четине чыгарбашы керек.

5.2. Веб-сайттын негизги маалыматтык жана навигациялык элементтери

Негизги беттин дизайны (маалыматтык блоктордун жайгашуусу, визуалдуу берилиши) типтүү беттердин дизайнынан веб-сайттын бирдей стилин сактоо менен айырмаланышы мүмкүн.

5.2.1. Идентификациялоо модулу жана базалык навигация

Веб-сайттын бардык беттеринин үстүнкү бөлүгүндө жайгашат. Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- фирмалык белги, логотип;
- веб-сайттын негизги бетине шилтеме (ал фирмалык белги/логотип менен айкалышуусу мүмкүн, биринчи бетин кошпогондо);
- веб-сайттын картасына шилтеме;
- кыргыз, орус жана англис версиялары ортосунда шилтеме-которгуч;
- веб-сайттын белгилүү бөлүктөрүнө шилтемелер топтому (жаңылыктарга жазылуу ж.б.);
- веб-сайттар - сателлиттерге шилтемелер топтому;
- издөө талаасы.
Модулдун элементтери шилтемелер маанисин жеңил түшүнүү үчүн шарттуу белгилер (иконкалар) менен жабдылышы (же веб-сайтты иштеткенде веб-сайттын администратору алмаштырышы) мүмкүн.

5.2.2. Контент-меню

Веб-сайттын негизги бөлүктөрүнө шилтемелердин автоматташып генерацияланган тексттик тизмеси.

5.2.3. Негизги тексттин блогу

Веб-сайттын дизайнына ылайык форматталган беттин негизги маалыматтык бөлүгү. Блокто веб-сайттын негизги тексттик жана иллюстрациялык маалыматы, динамикалуу бөлүктөрдө программалык жол менен генерацияланган билдирүүлөр жана таблицалар, бөлүкчөлөрдүн жардамчы менюсу (кошуп киргизүүнүн экинчи жана кийинки деңгээлдери), пайдалануучу маалыматты киргизиши үчүн формалар ж.б. жайгаштырылат.

5.2.4. Жардамчы беттер (тексттик документ)

Ашыкчасы жок жөнөкөй форматтагы документтер (бланктар, келишимдердин үлгүлөрү) же көбүнесе басып чыгарууга арналган документтер жасалгалоо жана навигациянын аз гана элементтери менен бетке чыгарылат.

5.2.5. Төмөнкү колонтитул

Бетти аяктаган жана анын толук стилдүү берилишин камсыз кылган элемент. Мындан тышкары, зарылчылыкка жараша төмөнкү колонтитулда жардамчы маалыматтык жана навигациялык элементтер жайгашуусу мүмкүн:
- негизги бөлүмдөргө жана бөлүмчөлөргө кайталанган тексттик шилтемелер;
- рейтингдик жана статистикалык эсептегичтер, өнөктөрдүн логотиптери жана башкалар;
- негизги байланыш маалыматтары, электрондук почталардын даректери;
- автордук укук (копирайт) жана легитимдик маалыматка шилтемелер.

5.2.6. Навигациялык элементтер

Веб-сайттардын пайдалануучулук интерфейси андагы берилген маалыматтын түзүмүн көрүнүктүү, интуициялык түшүнүктүү көрсөтүшүн, бөлүмдөргө жана беттерге логикалуу жана тез которулууну камсыз кылышы керек. Навигациялык элементтерди пайдалануучу бирдей түшүнүүсүн камсыз кылышы керек: беттерге шилтемелер аталыштар менен жабдылып, шарттуу белгилер жалпы кабыл алынгандарга туура келиши керек. Навигациянын графикалуу элементтери альтернативалуу кол тамга менен жабдылышы керек.
Өзүнүн беттерине шилтемелер ушул Бирдиктүү талаптарда туз айтылган учурларды кошпогондо браузердин ошол эле терезесинде ачылышы керек. Эгерде веб-сайтта башка веб-сайтка маалымдоочу мүнөздө шилтеме болсо, ал жаңы терезеде ачылышы керек.

5.2.7. Көп барактуу документтер боюнча навигация

Көлөмдүү документтер, линиялык байланышкан беттер (мисалы, статьялар же хронологиялык тартипте берилген жаңылыктар), ошондой эле көп элементтерди камтыган индекстер, тизмелер жана издөө жыйынтыктары бир нече беттерге бөлүнүшү керек. Беттер боюнча навигация кылганда негизги тексттин блогунда жайгашкан гипершилтеме колдонулат.
Көп барактуу документтин ичинде жайгашкан жерин пайдалануучу билүү үчүн төмөнкү варианттардын бири колдонулушу мүмкүн:
- ошол беттин номери жана беттердин жалпы саны;
- ылдам жылуу үчүн беттердин тизмеси (колдонулуп жаткан бет шрифт же түс менен бөлүнөт)

6. Мамлекеттик интернет портал үчүн сунуштар
(мындан ары - МИП)

6.1. (РТ) МИПтин негизги милдети төмөнкүлөр:
- электрондук кызматты ылдам жайылтуу. Мисалы, кызматты массалык түрдө көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдонуудагы системаларын, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган модификациялоо;
- кардардын жана сервердин бөлүктөрүнүн ортосунда эркин, ийкемдүү байланыш болушу керек, бул алардын көз карандысыз өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт;
- Интернет боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жарандардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн зарыл техникалык каражаттарды жана кызматты кайталоого жол бербөө,
- аутентификациялоо кызматын борборлоштуруу жана көпчүлүк мамлекеттик түзүмдөр аракеттешүүнү уюштуруу аркылуу интеграцияланган кызмат көрсөтүү үчүн негиз түзүү;
- жеке сектор, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн тиркемелерин иштеп чыгуусуна түрткү берүү, алар бийликтин борбордук органдарынын маалымат системалары менен стандарттык бирдей негизде аракеттене алышат.

6.2. (РТ) Жогоруда айтылган иш милдеттеринин негизинде МИПтин
келечектеги архитектурасы төмөнкү компоненттерди камтышы
керек:

- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн аутентификация жана авторлоштуруунун бириккен кызматы, бул пайдалануучуларга ар убакта жана бардык жерде ар кандай түзүлүштүн жардамы менен бирдей сертификаттардын топтомун колдонуунун негизинде корголгон режимде Интернет боюнча тиешелүү уюмдардын ар кандай маалымат системалары менен иштөө мүмкүнчүлүгүн берет;
- документтерди берүүгө арналган веб-формаларды түзүүнүн жөнөкөй каражаты. Программалык камсыз кылууну иштеп чыккандарга МИПке маалымат берүүнү жүргүзүүгө жардам кылган бирдиктүү механизмдерди берет;
- кирүүчү документтер үчүн механизмдерди түзүү менен катар МИП ведомстволор аралык аракеттенүү жана коммуникациялар үчүн шарт түзөт;
- веб-кызмат түрүндө ишке ашырылган бирдиктүү эрежелер механизми жана бардык системаларга жеткиликтүү документти иштеп чыгуу эрежелерин көрсөтөт. Ал талаалардын туура болушуна, документтин схемаларына жана бизнес-эрежелерге шайкештигине жооп берет. Ушул механизмдин жардамы менен шайкештикке текшерүүнүн окшош эрежелерин маалымат системаларда бирдей колдонуу камсыз кылынат;
- "жашоодон алынган эпизоддордун" базасында кызмат көрсөтүү үчүн негиз түзүү. МИП маалымат жана кызмат көрсөткөн процесске тартылган бардык тараптарга тийиштүү интерфейс сунуш кылышы керек. Ошондуктан, жеке адам же компания бир эле жолу өзүнүн маалыматтарын киргизиши керек, андан кийин бардык кызыкдар тараптар ошол маалыматты алышат. Мисалы, жаңы компанияны түзгөндө бирдей маалыматтык салык инспекциясына, бажы инспекциясына же башка мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бирдиктүү интерфейс аркылуу бир эле жолу жиберүүгө болот;
- МИП архитектураны ишке ашырышы керек, аны формалар киргизиле турган кардардык системалар жана сервердик системалар ортосундагы "начар байланышкан интеграция" катары мүнөздөөгө болот. Мисалы, веб-формалар мезгил өткөн сайын өзгөрүп, алардын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында татаал боло бериши мүмкүн, ошондой эле улам жаны мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына онлайн системаларына кошулганына жараша көрсөтүлө берилет. Сервердик системалар модернизацияланып өзгөрүшү мүмкүн, бул веб-формаларга эч кандай таасир тийгизбейт.
- электрондук кызматты түзүү, аларды башкаруу жана аларды колдоо үчүн бирдиктүү түзүмдү ишке ашыруу.

(РТ) 6.3. Төмөндө ушундай сервистердин толук эмес тизмеси берилди,
алар МИП аркылуу киргизилиши керек:

- жалпы презентациялык сервистер. Брэндинг (бирдиктүү дизайнды, порталдын аталышын ж.б. жылдыруу), бирдиктүү стиль, навигация, жөнөкөй издөө, кайтарым байланыш, алмашуунун коопсуздугун камсыз кылуу, веб-сайттын картасы ж.б.;
- жалпы функциялар. Жеткиликтүү кылуу түзүлүштөрдүн кеңири чөйрөсүн колдонуу, категоризация жана метамаалыматтар, глобалдуу издөө, ар кандай тилдерди колдонуу (жана которуу), формаларды башкаруу, контентти башкаруу, пайдалануучуларды идентификациялоо, аутентификация жана авторизация, PKI жалпыга маалым ачкычтардын инфраструктурасы, Help desk жардам кызматы, колдоо, хостинг ж.б.;
- жалпы маалымат. "Муну кантип кылуу керек?". Календарлар, мамлекеттик кызматка вакансиялар тизмеси, уюмдардын жана байланыштардын маалымдамасы, пайдалуу жана көп талап кылынуучу шилтемелер, жайгашуу жана кирүү пландары, эрежелер, иш-чаралар жана кампаниялар боюнча маалымат, жарандардын пикирлерин чогултуу, дискуссиялык формалар ж.б.;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сервиси. Эрежелери, медициналык камсыздандыруу, жумуш убактысын контролдоо журналы, эмгек акысы, чыгашалар жана ишсапаралар жөнүндө отчеттор, мамлекеттик сатып алуулар, аналитика, отчеттор, документтердин ички китепканасы жана дискуссиялык форумдары, долбоорлорду башкаруу ж.б.;
- жеке маалыматты презентациялоо. Пайдалануучуларды жана ортомчуларды каттоо, айкын жана айкын эмес персоналдаштыруу, бирдиктүү каттоо (single sign on), электрондук почта, жазылуу, жаңылык баракчалары, "мага чалыңыз" (кайсы бир мамлекеттик же муниципалдык кызматкер жаран менен байланышууга сурам), "билдирүүлөрдү тез жөнөтүү кызматы" ж.б.;
- электрондук коммерция функциялары. Каражаттарды электрондук жиберүү, заказдарды иштеп чыгуу, сатып алуулар, каталогдор, аукциондор, "магазиндердин электрондук галереялары", документтерди электрондук алмашуу системасындагы интерфейстер жана факстык кызматтар жана башкалар;
- локалдуу маалымат. Аба ырайы (суммалык жана оперативдүү маалымат), спорттук иш-чаралар, лотереялар, жаңылыктар (суммалык, оперативдүү жана жаңылык ленталары), жол кыймылы (статикалык сүрөт жана веб-камералар, туризм, финансы, пайдалануучунун үй баракчасы, жергиликтүү бизнес, жергиликтүү билим берүү, жергиликтүү саламаттык сактоо, тартип сакчыларынын жергиликтүү күчтөрү ж.б.;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат. Бизнести жүргүзүүгө жана кесиптик иш-аракетке лицензия берүү, баалуу барактарды каттоо, автомобилдерди каттоо, документтерди жана соттордун иш тартибин берүү, юридикалык маалымат, төлөөлөргө көз салуу, туристтик ресурстарды резервдөө, салыктар жана алардын төлөнүшү боюнча сурамдар, жоготкон жана табылган буюмдар, коммуналдык төлөмдөрдү төлөө, киреше салыктар, баалуу барактарды чыгаруу, мамлекеттик менчикти аукциондон сатуу, жумуш издөө, окутууга муктаждыкты талдоо, жеңилдиктерди алуудагы жардам, айып төлөө, бузуулар жөнүндө билдирүү жана башкалар.

7. Корутунду

Бирдиктүү талаптарды киргизүү процессинде чечиле турган негизги уюштуруу маселелери:
- веб-сайтты иштетүүнү жана ачып чыгарууну тыкан пландаштыруу жана контролдоо;
- кызматкерлердин кеңири чөйрөсүндө компьютердик сабаттуулукту жогорулатуу;
- долбоорду аткаруучуну туура тандоо;
- автордук укуктарды жана интеллектуалдык продуктуга, анын ичинде мамлекетке таандык продуктуга да кошуп (мисалы, жарандар жөнүндө жашырын маалымат бар маалымат базасы) менчик укугунун корголушун камсыз кылуу;
- аппараттык жана программалык платформаларды оптималдуу тандоо.