Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө


Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2001-жылдын 10-февралы ПУ N 56

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ

Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын
борбордоштурулган банкын
түзүү боюнча чаралар жөнүндө

Мамлекеттик компьютердик тармакты түзүүнүн жана анын маанилүү чакан системаларынын бири-бирдиктүү укуктук маалыматтар системасын калыптандыруунун, анын маалыматтар базасынын электрондук түрдө натыйжалуу иштешинин чегинде, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын, юридикалык жактарды жана өлкөнүн жарандарын, дүйнөлүк шериктештикти Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндөгү маалыматтар менен оперативдүү камсыз кылуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук маалыматтар Борборунун нормативдик укуктук актыларынын базасында кагазда жана электрондук түрдө укуктук маалыматтардын Борбордоштурулган банкы (мындан ары-МББ) түзүлсүн.
2. МББга төмөнкүлөр кошула тургандыгы аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Кодекстери;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин нормативдик мүнөздөгү Указдары жана буйруктары;
- Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган ратификацияланган эл аралык келишимдер (макулдашуулар, конвенциялар), ошондой эле аларга толуктоолор, түзөтүүлөр, тиркемелер;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган токтомдор;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны кабыл алган токтомдор;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик мүнөздөгү токтомдору жана буйруктары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктары;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдери;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтомдору макулдашуу боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык сотунун токтомдору макулдашуу боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын нормативдик укуктук актылары;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик каттоого алынган жалпы милдеттүү мүнөздөгү нормативдик укуктук актылары.
Мамлекеттик жашыруун сыр катары мыйзам менен корголуучу нормативдик-укуктук актылар, ошондой эле балдарды асырап алууга байланышкан чечимдер МББга киргизилбейт.
3. Ушул Указдын 2-пунктунда көрсөтүлгөн нормативдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык сотунун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Аппараттары тарабынан кабыл алынган (бекитилген, кол коюлган) күндөн баштап 10 күндөн кечиктирбестен кагаз жүзүндө же электрондук түрдө МББга жиберилет.
4. Белгиленген тартипте ратификацияланган же бекитилген эл аралык келишимдердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аларды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине сактоого тапшырылган күндөн баштап 10 күндөн кечиктирбестен МББга жиберилет.
Ведомстволор аралык мүнөздөгү эл аралык келишимдердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аларга кол коюлган күндөн баштап 10 күндөн кечиктирбестен МББга жиберилет.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан мамлекеттик компьютер тармагында түзүүнүн жана аны Интернет тармагына жайгаштыруунун чегинде жогоруда аталган укуктук маалыматтарды мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынан электрондук түрдө алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Указдан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин.
7. Ушул Указды аткарууга контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жалпы бөлүмү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын маалыматтык камсыз кылуу жана телекоммуникация бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев