Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө


Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2003-жылдын 18-июлу N 152

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин
ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын
2005-жылдын 9-апрелиндеги N 59 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)

I Глава. Жалпы жоболор
II Глава. Кыргыз Республикасынын Президентин мамлекеттик камсыз
кылуу, тейлөө жана кайтаруу
III Глава. Кыргыз Республикасынын экс-президенти
IV Глава. Кыргыз Республикасынын Биринчи Президенти
V Глава. Корутунду жоболор

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын экс-президенти жана алардын үйбүлө мүчөлөрү үчүн укуктук, социалдык жана башка кепилдиктерди жана алардын арнамысын жана аброюн коргоонун түрлөрү менен ыкмаларын белгилейт жана адам менен жарандын укуктары жаатындагы мамлекеттик бийликтин жана саясаттык биримдигин жана ырааттуулугун камсыз кылууга багытталган.

I Глава
Жалпы жоболор

1-статья. Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттин башчысы, Кыргыз Республикасынын эң жогорку кызмат адамы, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигинин символу, Кыргыз Республикасынын Констшуциясынын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили болуп саналат.

2-статья. Президенттик бийликтин символдору

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Пре-
зиденти" деген жазуусу бар гербдүү тегерек мөөрү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн атайын бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин төшбелгиси жана штандарты болот.
Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентине президенттик
бийликтин символдорун тапшыруунун, аларды сактоонун, пайдалануунун жана өткөрүп берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

3-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин колтийгистиги

Кыргыз Республикасынын Президенти колтийгис укукка ээ. Эч бир
адам, эч кандай мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентинин колтийгистигине колсалуучу чараларды көрүүгө жана аракет жасоого укуксуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Президентинин колтийгис укугу ал ээлеген туракжайга жана кызматтык бөлмөлөргө, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да жайылтылат.
Ушул статьянын колдонулушу бирдей даражада анын үйбүлө мүчөлөрүнө да жайылтылат, алардын чөйрөсү Кыргыз Республикасынын үйбүлө жана туракжай мыйзамдарына ылайык аныкталат.

4-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин арнамысын жана
аброюн коргоо

Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттин коргоосу астында болот. Кыргыз Республикасынын Президентинин арнамысы жана аброю мыйзам
менен корголот.
Кыргыз Республикасынын Президентинин арнамысын жана аброюн жаманатты кылган маалыматтар таратылган учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, эгерде прокурордук башка чаралар зарыл болгон натыйжаларды бербесе, Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан анын арнамысын жана аброюн коргоо үчүн сотко кайрылууга милдеттүү. Мында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Кыргыз Республикасынын Президентинин мыйзамдуу өкүлү болуп таанылат, ал процесстик мыйзамдарда каралган доочунун, жоопкердин, жапа тартуучунун бардык укуктарынан, анын ичинде өз ыйгарым укуктарын башка жактарга өткөрүп берүү укугунан пайдаланат жана ишти сотто алып барууга анын ыйгарым укуктары атайын күбөлүктү (ишенимкатты) талап кылбайт.

II Глава
Кыргыз Республикасынын Президентин
мамлекеттик камсыз кылуу, тейлөө
жана кайтаруу

5-статья. Кыргыз Республикасынын Президентин камсыз кылуунун жана
тейлөөнүн түрлөрү

Кыргыз Республикасынын Президентин камсыз кылуунун жана тейлөөнүн төмөндөгүдөй түрлөрү белгиленет:
1) мыйзамдарга ылайык белгиленүүчү эмгек акы;
2) кызматтык туракжай;
3) атайын максаттагы транспорт;
4) атайын кайтаруу;
5) өлкөнүн ичиндеги өкүлчүлүк максаттар үчүн чыгымдарга каражат
бөлүү;
6) четмамлекеттерге барууга байланышкан чыгымдарды жабууга каражат бөлүү;
7) Президентти жана анын үйбүлөсүн атайын медициналык, санаторий-
лик-курорттук жана тиричилик жагынан тейлөө;
8) мамлекеттик камсыздандыруу;
9) мамлекеттик дача.
Кыргыз Республикасынын Президентин камсыз кылуу, тейлөө жана кай-
таруу республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.

6-статья. Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үйбүлө
мүчөлөрүн камсыз кылуунун жана тейлөөнүн тартиби

Бул кызматка шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти кызматта турган мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагындагы резиденциялар, республиканын борборундагы кызматтык квартира (турак үй), мамлекеттик дача менен камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын Президенти атайын максаттагы автомобиль транспорту, атайын жабдылган самолеттор жана вертолеттор, ошондой эле атайын жабдылган дагы башка транспорт каражаттары жана байланыш каражаттары менен камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үйбүлө мүчөлөрүн туракжай жана транспорттук тейлөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, ошондой эле Мамлекеттик күзөт кызматы жана Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үйбүлө мүчөлөрүн ушул Мыйзамда каралган медициналык, санаторийлик-курорттук жана дагы башка тейлөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан камсыз кылынат.
Туракжайды, транспорт каражаттарын жана байланыш каражаттарын күтүү, пайдалануу (ижаралоо) боюнча бардык чыгымдар мамлекеттин эсебинен жабылат.

7-статья. Эмгек акы жана өкүлчүлүк чыгымдары

Кыргыз Республикасынын Президентинин эмгек акысы Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Президентине өлкөнүн ичиндеги өкүлчүлүк чыгымдарын жана четмамлекеттерге баруу менен байланышкан чыгымдарын жабууга анын жогорку статусуна ылайык келүүчү көлөмдө каражаттар бөлүнөт.

8-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана анын үйбүлө
мүчөлөрүнүн өмүрүн жана денсоолугун камсыздандыруу

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана анын үйбүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана денсоолугу мамлекеттин эсебинен камсыздандырылат.

9-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин эс алууга болгон
укугу

Кыргыз Республикасынын Президентине ал үчүн ыңгайлуу болгон учурда кырк беш күндүк мөөнөткө аржылдык акы төлөнүүчү өргүү берилет, аны ал бөлүп-бөлүп пайдаланууга укуктуу. Өргүүгө чыкканда ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган өлчөмдө бир жолку жөлөкпул төлөнөт.

10-статья. Кыргыз Республикасынын Президентин кайтаруу

Кыргыз Республикасынын Президенти жана анын үйбүлө мүчөлөрү алар туруктуу жашаган жана убактылуу болгон жерлеринде жеке күзөт менен камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын Президенти туруктуу жашаган, иштеген же убактылуу болгон жерлеринде кайтаруу жана башка атайын коргоо чаралары жүргүзүлөт, имараттарга, курулуштарга, курулмаларга жана ага жакын жайгашкан аймактарга атайын режим орнотулат.

III Глава
Кыргыз Республикасынын экс-президенти

11-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президенти

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 51-статьясында белгиленген тартипте кызматынан четтетилген учурларды кошпогондо, өзүнүн ыйгарым
укуктарын токтоткон Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республи-
касынын экс-президенти деген наамга ээ болот.
Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наам өмүр бою акталат.

12-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин колтийгистиги

Кыргыз Республикасынын экс-президенти колтийгис укукка ээ. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын экс-президентинин колтийгис укугу ал ээлеген туракжайга жана кызматтык бөлмөлөргө, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да жайылтылат.

13-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин укуктук,
социалдык жана башка кепилдиктери

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде мамлекеттик күзөт жөнүндөгү мыйзамдарда каралган чаралардын толук көлөмүндө өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болот.
Кыргыз Республикасынын экс-президентине жака анын жубайына, багуусундагы жашы жетпеген балдарына Кыргыз Республикасынын Президенти катары өзүнүн ыйгарым укуктарын токтоткон күнү аларга акысыз берилген медициналык тейлөө укугу сакталып калат.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-апрелиндеги N 59 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентин материалдык
жактан камсыз кылуу

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин бир айлык эмгек акысынын 75 пайызынын өлчөмүндөгү акчаны өмүр бою ай сайын алып туруу, ал эми пенсия курагына жеткенде - Кыргыз Республикасынын Президентинин бир айлык эмгек акысынын 75 пайызынын өлчөмүндөгү пенсия менен камсыз болуу укугуна ээ. Мында акчалай күтүүнүн (пенсиянын) өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин эмгек акысынын өсүшүн эске алуу менен жогорулатылат.
Кыргыз Республикасынын экс-президенти пенсия курагына жеткенге чейин мамлекеттик органдагы же башка уюмдагы кызматка шайланган же дайындалган учурда ушул статьяда каралган акчалай күтүү акысын төлөп берүү ал кызматты ээлеген мезгилге карата токтотула турат, эгерде ал иштеп тапкан акы (киреше) ушул Мыйзам менен белгиленген акчалай күтүүдөн жогору болсо. Эгерде Кыргыз Республикасынын экс-президентинин жаңы иштеген жериндеги эмгек акысы (кирешеси) ушул статьяда каралган акчалай күтүүдөн төмөн болсо, анда ага белгиленген акчалай күтүү менен жаңы иштеген жеринде алган эмгек акысынын (кирешесинин) ортосундагы айырмачылык кошумча төлөнүп берилет.
Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген пенсия курагына жеткенде, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган пенсия ал башка иште (кызматта) иштеп тапкан эмгек акысына (кирешесине) карабастан, толук көлөмүндө төлөп берилет.

15-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин тиричилик
жактан камсыз кылууга жана транспорттук тейлөөгө болгон
укугу

Кыргыз Республикасынын экс-президентине мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет.
Кыргыз Республикасынын экс-президенти аэропорттор менен аэровокзалдардын, темир жол вокзалдарынын жана бекеттеринин расмий адамдар жана делегациялар үчүн арналган залдарынан акысыз пайдаланууга укуктуу.

16-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин байланыш
каражаттарын пайдаланышы

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын аймагында өкмөттүк байланыш жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын карамагындагы байланыштын башка түрлөрүн акысыз пайдалануу укугуна жана байланыш кызматын кезексиз алуу укугуна ээ.
Кыргыз Республикасынын экс-президентинин почта жана телеграф жөнөтүүлөрүнүн бардык түрлөрү өкмөттүк разрядда жөнөтүлөт (жиберилет), иштетилет жана жеткирилет.

17-статья. Кыргыз Республикасынын көзү өткөн экс-президентинин
үйбүлө мүчөлөрүнүн социалдык кепилдиктери жана аларды
материалдык жактан камсыз кылуу

Кыргыз Республикасынын экс-президентинин көзү өткөндөн кийин анын үйбүлө мүчөлөрүнө анын көзү өткөн күнгө белгиленген карылык боюнча пенсиянын алты эселенген эң аз өлчөмүнө барабар болгон суммада ай сайын жөлөкпул дайындалат. Көрсөтүлгөн жөлөкпулга укуктуу болгон үйбүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсү жана аны төлөө мөөнөтү багар-көрөрүнүн көзү өтүшүнө байланыштуу пенсияны дайындоо үчүн каралган тартипте пенсиялык мыйзамдарга ылайык аныкталат.
Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын экс-президенти көзү өткөн күндөн тартып өмүр бою кызматтык автотранспортту пайдалануу укугу берилет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экс-президентинин көзү өткөн күнгө чейин берилген медициналык тейлөөгө болгон укук сакталат.

18-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин арнамысын жана
аброюн коргоо

Кыргыз Республикасынын экс-президентинин арнамысы жана аброю колтийгис жана мыйзам менен корголот.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-апрелиндеги N 59 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IV Глава
Кыргыз Республикасынын Биринчи Президенти

(Кыргыз Республикасынын
2005-жылдын 9-апрелиндеги N 59 Мыйзамына
ылайык алынып салынган)

IV Глава
Корутунду жоболор

30-статья. Ушул Мыйзамда каралган чыгымдарды каржылоо

Ушул Мыйзамда каралган чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

31-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2003-жылдын 25-июлунда N 55-56 "Эркинтоо" газетасында жарыяланган

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

2003-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган