Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Басма иши жөнүндө


Бишкек шаары
2011-жылдын 25-октябры N 184

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Басма иши жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Басма ишин уюштуруу
3-глава. Басма сөз продукцияларын басып чыгаруучулардын,
даярдоочулардын жана таркатуучулардын укуктары,
милдеттери жана жоопкерчилиги
4-глава. Басма иши жөнүндө мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
5-глава. Басма сөз продукцияларын таркатуу
6-глава. Басма иши жаатында эл аралык кызматташуу
7-глава. Корутунду жоболор

1-глава
Жалпы жоболор

1-берене. Басма иши жөнүндө мыйзамдардын максаттары жана
милдеттери

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын басма иши жөнүндө мыйзамдар юридикалык жактарга жана жарандарга басма ишин жүргүзүү укугуна кепилдик берет.
2. Ушул Мыйзам менен басма ишинин субъекттери: басма сөз продукцияларынын авторлорунун, басып чыгаруучуларынын, даярдоочуларынын жана таркатуучуларынын ортосундагы мамилелер жөнгө салынат.
3. Басма ишиндеги мамлекеттик саясат басма ишиндеги эркиндиктерди сактоо анын монополизацияланышына каршы аракет көрсөтүү, басма ишинин материалдык-техникалык, уюштуруучулук, укуктук жана илимий негиздерин бекемдөө принциптерине негизделет.

2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамга ылайык төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
- басма иши (ишмердүүлүк) - басма сөз продукцияларын жарыкка даярдоого жана чыгарууга багытталган уюштуруучулук, чыгармачылык, өндүрүштүк иш-чаралардын жыйындысы;
- басма сөз продукцияларын даярдоо - басма түп нускасынын белгилүү тиражын полиграфиялык же башка техникалык каражаттар менен чыгаруунун өндүрүштүк-техникалык процесси;
- басма сөз продукцияларын таркатуу - басма сөз продукцияларын соода тармагы аркылуу, ошондой эле башка ыкмалар менен да керектөөчүлөргө жеткирүү;
- мезгилдүү эмес басма сөз продукциялары - тиражына жана аларды даярдоо ыкмасына карабастан, мезгилдүү басма сөздү албаганда тышкары китептер, брошюралар, альбомдор, плакаттар, буклеттер, открыткалар жана башка полиграфиялык өндүрүшүнүн өз алдынча жол-жоболоштурулган буюмдары;
- мезгилдүү басма сөз - туруктуу аталышы, күндөлүк номуру бар жана жылына бир жолудан кем эмес чыгып туруучу гезит, журнал, альманах, бюллетень, башка басылма;
- бастырып чыгаруучу - басма сөз продукциясын даярдоону жана чыгарууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жак же болбосо жеке ишкер;
- басманын редакциясы - ушул уюмдун басма сөз продукцияларын редакциялоону жана басууга даярдоодо башка жумуштарды ишке ашыруучу түзүмдүк бөлүкчөсү же болбосо кызматкери (кызматкерлери);
- басма сөз продукцияларын даярдоочу - басма сөз продукцияларын өндүрүүнү жана тиражын басып чыгарууну жүзөгө ашыруучу полиграфиялык ишкана (ишкер);
- басма сөз продукцияларын таркатуучу - басма сөз продукцияларын сатууну жана (же) таркатып берүүнү жүзөгө ашыруучу уюм, ишкана, мекеме, жарандар жана алардын бирикмелери;
- чыгаруу тууралуу маалыматтар - басма сөз басылмасын мүнөздөгөн жана аны жол-жоболоштурууга, керектөөчүлөрдү маалымдаштырууга, библиографиялык иштеп чыгууга жана статистикалык эсеп алууга багытталган маалыматтардын жыйындысы.

3-берене. Басма иши жөнүндө мыйзамдар

Басма иши жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан турат жана Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналган, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине негизделген.

4-берене. Басма ишинин эркиндиги

1. Кыргыз Республикасында басма ишинин эркиндиги анын бардык субъекттеринин - авторлорунун, басмалардын, полиграфиялык ишканаларынын жана басма сөз продукцияларын таркатуучулардын тематиканы, адистештирүүнү, өндүрүш кооперациясын аныктоодо, авторлорду тандоодо, мезгилдүү эмес басма сөз басылмаларынын тиражын, баасын жана торуктук арзандатууну (кымбаттатууну) аныктоодо, кагаз жана башка материалдарды өндүрүүчүлөр, жөнөтүүчүлөр, ошондой эле башка уюмдар менен байланыш тариздерин түзүүдө толук чыгармачылык өз алдынчалыкты билдирет.
2. Ушул Мыйзам менен басма ишинин эркиндигине кепилдик берилет жана жарандардын маалыматка жана маданияттын жетишкендиктерин пайдаланууга, ой жүгүртүү эркиндигине, ар-намысына, динине, көз карашына, пикирин эркин билдирүүгө, илимий, техникалык жана көркөм чыгармачылык эркиндиги укугун камсыз кылууга үндөйт.
3. Басууга даярдалган кол жазмаларды жана материалдарды цензурадан өткөрүүгө жол берилбейт.

5-берене. Жарыялоого жатпаган материалдарды басмаларда
пайдаланууга жол берилбестик

1. Мамлекеттик же мыйзам менен атайын корголуп, сыр катары эсептелген башка маалыматтарды камтыган, өкүм сүрүп турган конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга же өзгөртүүгө карата чакырыктар, согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, расалык, улуттук, диний жана атеисттик артыкчылыкты жана терсаяктыкты үгүттөөгө, порнографияны, ошондой эле жазык жоопкерчилигине тартылуучу башка жоруктарга чакырыктарды камтыган басылмаларды жарыкка чыгарууга, таркатууга жол берилбейт.
2. Басма ишинде монополияга, ошондой эле мыйзамдардын талаптарына каршы келген максаттарда басма ишинин эркиндигин пайдаланууга жол берилбейт.

6-берене. Басма ишинин субъекттери

1. Басмалар, басма сөз продукцияларынын авторлору, даярдоочулары жана таркатуучулары басма ишинин субъекттери болуп саналат.
2. Басма ишиндеги жана иштин башка түрлөрүнүн субъекттеринин ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер жана макулдашуулар менен жөнгө салынат.

7-берене. Басма ишинде менчиктин түрлөрү

Басма сөз продукцияларын таркатуу (таркатуучу) боюнча басмалар, полиграфиялык ишканалар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчиктин ар кандай түрүнүн негизинде түзүлөт.

8-берене. Басма сөз продукцияларын басмалардын, даярдоочулардын
жана таркатуучулардын уюштуруучулары

1. Айрым жеке жарандар, уюмдар жана жарандардын башка бирикмелери, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары басма сөз продукцияларын таркатуу боюнча басмалардын, полиграфиялык ишканалардын жана уюмдардын уюштуруучулары боло алат.
2. Төмөнкүлөр уюштуруучу боло албайт:
1) он сегиз жашка толо элек же болбосо соттун өкүмү боюнча эркинен ажыратылган жайда, жаза өтөп жаткан же сот тарабынан жарамсыз деп табылган жаран;
2) ишине мыйзам боюнча тыюу салынган жарандардын бирикмелери, ишканалар, мекемелер, уюмдар.

9-берене. Басма ишинин субъектисинин статусу

Басма ишинин субъекти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз укуктарын жүзөгө ашырат жана милдеттерди тартат.

10-берене. Басып чыгаруучунун интеллектуалдык менчигин коргоо

Басма сөз продукцияларын даярдоо жана чыгаруу процессинде жаралган интеллектуалдык менчикке болгон укук интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

11-берене. Автордук басылмалар

Эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген талаптарга каршы келбесе юридикалык жана жеке жактар өздөрүнүн кол жазмаларын жана башка материалдарды жеке менчик каражаттарынын эсебинен чыгарууга, таркатууга укуктуу.

12-берене. Чыгаруу тууралуу маалыматтар

1. Басып чыгаруучулар, даярдоочулар (анын ичинде жеке ишкерлер) тарабынан чыгарылган басма сөз продукцияларынын бардык түрлөрү эл аралык жана улуттук стандарттарга, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык чыгаруу тууралуу маалыматтарын камтууга тийиш.
2. Чыгаруу тууралуу маалыматтар төмөнкү элементтерден турат:
1) басылманы жаратууга катышкан авторлор жана башка адамдар жөнүндө чыгаруу тууралуу маалыматтар; басылманын аталышы; үстүңкү аталыштын маалыматтары; астыңкы аталыштын маалыматтары;
2) чыгаруу тууралуу маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыйт: басылманын чыгарылган жерин (басып чыгаруучунун аты-жөнүн жана басылманын чыгарылган жылын);
3) чыгаруу тууралуу маалыматтар төмөнкү маалыматтарды камтыйт: терүүгө берилген жана басууга кол коюлган датаны, кагаздын түрүн, номурун, форматын, барактын үлүшүн, негизги тексттин арибинин топтомун, басуунун түрүн, басуу барактарынын жана эсеп-басма барактарынын көлөмүн, тиражын, полиграфиялык ишкананын заказынын номурун, басып чыгаруучунун атын-жөнүн жана толук дарегин, полиграфиялык ишкананын аталышын жана толук почталык дарегин;
4) эл аралык стандарт номурлары төмөнкүлөрдү камтыйт: китептин эл аралык стандарт номурун (ISBN) же Кыргызстанга берилген цифралардын тобу менен эл аралык сериялык стандарт номурун (ISSN)), автордук укукту коргоо белгисин (С) жана мүлктүк гана укук ээсинин атын (аталышын) (С), чыгарма чыгарылган жылын;
5) классификациялык индекстер төмөнкүлөрдү камтыйт: ОУК (ондук универсалдуу классификация) индексин, КБК (китепкана-библиографиялык классификациясы) индексин.

13-берене. Милдеттүү нускалар

1. Полиграфиялык ишканалар тарабынан чыгарылган басма сөздүн мамлекеттик архивин түзүү, эсебин жана статистикасын алуу, басылмаларды библиографиялык сыпаттоо максатында жана басып чыгаруучунун тапшырмасы боюнча жана анын эсебинен басма сөз продукцияларын тираждоо көбөйтүүчү техникасы бар участкаларда чыгарылган тираждын биринчи партиясы чыккан күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасына басылмалардын бардык түрүнөн акысыз милдеттүү нускалары (үч нускада жөнөтүлүүгө жаткан) жөнөтүлөт, ошондой эле маданият жана маалымат боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тизмеге ылайык, кызыкдар мекемелерге жана уюмдарга арналган акы төлөнүүчү милдеттүү нускалар тираж басылып чыкканга чейин макулдашылган санда жөнөтүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзамдардын негизинде милдеттүү нускалар жөнөтүлүүчү мекемелердин тизмегин белгилейт.
3. Китептер, брошюралар, альманахтар, альбомдор, окуу китептери жана окуу куралдары, географиялык атластар, стандарттардын жыйнактары, катар номуру менен чыгуучу мезгилдүү эмес басылмалар, илимий эмгектер, илимий жазмалар жөнөтүлүүгө жатат.
4. Мезгилдүү басылмалар, буклеттер, открыткалар, карталар жана пландар, плакаттар, портреттер, көрсөтмө окуу куралдары, календарлар, афишалар, этикеткалар жана барак түрүндөгү башка басылмалар, кызмат документтери жана акысыз нускасы жеткирилүүчү басылмалардын тизмесинен чыгарылган басылмалар жөнөтүлүүгө жатпайт.

2-глава
Басма ишин уюштуруу

14-берене. Мамлекеттик каттоо

Басма сөз продукцияларын басып чыгаруучу, ошондой эле даярдоочу, таркатуучу "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, менчиктин түрүнө карабастан басма иши менен алектенүүгө укуктуу.

15-берене. Басма ишин каттоодон баш тартуу

Басма ишин каттоодон баш тартууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
1) эгерде басма ишинин субъектисинин уставдык максаттары жана милдеттери мыйзамдарга карама-каршы келсе;
2) эгерде тийиштүү мамлекеттик орган тарабынан дал ошондой аталыштагы юридикалык жак катталган болсо;
3) эгерде арыз ошол уюмдун ишин токтотуу тууралуу чечим мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген күндөн бир жыл өткөнгө чейин берилген болсо;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.

16-берене. Басма ишинин токтолушу

Басма ишинин субъектисинин иши төмөнкүдөй негиздер боюнча токтолушу мүмкүн:
1) уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечими боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоюлушуна же кайра уюштурулушуна байланыштуу;
3) ушул Мыйзамдын 5-беренесинин бузулгандыгын белгилеген соттун чечими боюнча же болбосо чындыкка туура келбеген маалыматтардын катталганы тууралуу арызда көрсөтүлгөнүнө байланыштуу.
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.

3-глава
Басма сөз продукцияларын басып чыгаруучулардын,
даярдоочулардын жана таркатуучулардын укуктары,
милдеттери жана жоопкерчилиги

17-берене. Басма сөз продукцияларын басып чыгаруучулардын,
даярдоочулардын жана таркатуучулардын укуктары

1. Басма сөз продукцияларын басып чыгаруучулар, даярдоочулар жана таркатуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүгүнүн негизинде басма ишине;
2) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүгү жок басма ишине: расмий материалдарды, ченемдик жана башка актыларды, соттук жана арбитраждык практиканын жыйнактарын басып чыгаруу үчүн мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, сот органдары жана прокуратура органдары; элге таркатууга арналбаган жана/же кол жазма укугунда көбөйтүлүүчү, б.а. тар чөйрөдөгү адамдар үчүн чыгарманын тексти менен алдын ала таанышуу максатында чектелген тиражда арналып басылган, өз иштери үчүн зарыл болгон материалдарды басып чыгаруучу үчүн ишканалар, уюмдар, окуу жана илимий мекемелер;
3) мамлекеттик керектөөлөр (окуу куралдар, балдар жана башка адабияттар) үчүн басма сөз продукцияларын чыгаруу боюнча материалдык-техникалык жактан камсыз болууга жана каржыланууга;
4) чыгармаларын Кыргыз Республикасында жана чет өлкөдө басып чыгаруу укугун берүү жана сатып алуу боюнча автордон же анын укугун мурастаган адамдан тийиштүү ыйгарым укукту алуу боюнча аракеттерди жүзөгө ашырууга;
5) басма сөз продукцияларын даярдоого жана басып чыгарууга мамлекеттик жана коомдук органдардан, уюмдардан жана жарандардан заказдарды кабыл алууга;
6) илимдин, адабияттын жана искусствонун басып чыгарылган чыгармаларын белгиленген тартипте мамлекеттик, коомдук, эл аралык сыйлыктарды алууга көрсөтүүгө;
7) басып чыгаруучулардын эл аралык уюмдарынын ишине катышууга, өзүнүн басма продукциясын улуттук жана эл аралык конкурстарда, көргөзмөлөрдө, жармаңкелерде көрсөтүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка өндүрүштүк-чарбалык ишти жүзөгө ашырууга.
2. Басма ишинин субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка дагы укуктарга ээ.
3. Жарандар жана уюмдар өздөрүнүн кол жазмаларын жана башка материалдарды өздүк менчик каражаттарынын эсебинен жана автордук редакциясы менен жарыялоого укуктуу.
4. Басып чыгаруучулардын, авторлордун, чыгармачыл бирикмелердин жана алардын фонддорунун каржылык мамилелери келишимге негизделет.
5. Келишимдеги милдеттердин бузулганын сот аныктагандан башка учурларда, басып чыгаруучу кабыл албай койгон кол жазманы же башка материалды жарыялоого аны эч ким мажбурлай албайт.

18-берене. Басма сөз продукцияларын басып чыгаруучулардын,
даярдоочулардын жана таркатуучулардын милдеттери

1. Басма сөз продукцияларын басып чыгаруучулар, даярдоочулар жана таркатуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) чыгарылган басылманын ар бир нускасын эл аралык жана улуттук стандарттарга ылайык жол-жоболоштурууга;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте белгиленген органдарга бардык басылмалардын акысыз жана акы төлөнүүчү милдеттүү контролдук нускаларын жиберүүгө;
3) жалпы адамзаттык гуманисттик дөөлөттөрдүн бекемделишине, илимдин, маданияттын өнүгүшүнө, коомдун руханий керектөөлөрүнүн канааттандырылышына көмөктөшүүгө. Ушул Мыйзамга ылайык жарыкка чыгарууга белгиленген чектөөлөрдү сактоого;
4) автордук укуктун ченемдерин, эл аралык жана улуттук стандарттардын талаптарын, басма ишин регламенттөөчү башка ченемдик укуктук актыларды сактоого.
2. Басма ишинин субъекттери ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди жүзөгө ашырат.
3. Эгерде келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, басма сөз продукцияларын басып чыгаруудагы жоопкерчилик басып чыгаруучуга жүктөлөт.
4. Басып чыгаруучу ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого милдеттүү.

4-глава
Басма иши жөнүндө мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

19-берене. Жоопкерчиликтин жүктөлүшү

Басма сөз продукцияларын басып чыгарууга байланыштуу аракеттеги мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик ошол продукцияны басып чыгарууга даярдоо үчүн жооп берген авторго, басып чыгаруучуга (басманын директоруна), кызмат адамына, андайлар жок болсо, даярдоочуга жүктөлөт. Жогоруда саналган адамдарды аныктоо мүмкүн болбогон учурда, жоопкерчилик басма сөз продукциясын таркатуучуга жүктөлөт.

20-берене. Басма ишинин эркиндигин чектегендик үчүн жоопкерчилик

Басма ишинин эркиндигин чектегендик, башкача айтканда, басма ишинин субъекттеринин мыйзамдуу ишине тоскоол кылуу, анын ичинде цензураны жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык, администрациялык, тартиптик же башка жоопкерчиликке алып келет.

21-берене. Басма укуктарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

1. Басып чыгаруучунун (С) белгиси менен корголгон басма сөз продукцияларын мыйзамсыз кайра басып чыгарууда, ал эми ошого тете басып чыгаруучунун интеллектуалдык менчикке болгон башка укугу бузулганда, басма укугун бузган адам алынбай калган кирешени кошо, басып чыгаруучуга келтирилген бардык чыгымдардын ордун толтурууга алып келет.
2. Ушул Мыйзамда белгиленген тартипте чыгаруу укуктарына ээ болбой туруп, басма сөз продукцияларын чыгаруу жолу менен чыгармага болгон укуктарды бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

22-берене. Басма ишинин субъекттеринин жоопкерчилиги

1. Басма ишинин субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык, администрациялык жана башка жоопкерчиликтерди тартат:
1) автордук укук менен корголгон чыгармаларды келишимсиз басып чыгарганы үчүн;
2) ушул Мыйзамдын 17-беренесинде каралган учурду кошпогондо, мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгү жок басма ишинин жүзөгө ашырганы үчүн;
3) эл аралык жана улуттук стандарттарды бузуу менен басма сөз продукцияларын чыгарганы үчүн;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
2. Укук ээсинин уруксатысыз түп нуска чыгармаларды толук же жарым-жартылай кайра чыгаруу, ошондой эле репродукциялоо мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
3. Эл аралык жана улуттук стандартты бузуу менен чыгаруу тууралуу
маалыматтарсыз басма сөз продукцияларын даярдоо жана таркатуу Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке алып келет. Бул жобо эл аралык жана улуттук стандарттарды кабыл алганга чейин чыгарылган басма сөз басылмаларга таркатылбайт.

5-глава
Басма сөз продукцияларын таркатуу

23-берене. Таркатуу тартиби

1. Басма сөз продукцияларын мыйзамдык негизде таркатууну жүзөгө ашырууга мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер, ишканалар, башка уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан, анын ичинде жабдууларга (полиграфиялык машиналар, көбөйтүүчү техника) жана ресурстарга (полиграфиялык ишканаларынын кубаттуулугу, кагаз ж.б.) монополизациялаштыруу жолу менен тоскоолдук кылууга жол берилбейт.
2. Басма сөз продукцияларын таркатуу басып чыгаруучу, автор, даярдоочу, таркатуучу менен соода уюмдары, башка юридикалык жактар жана жарандар ортосундагы алардын келишиминин же башка мыйзамдын негизиндеги макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Эгерде бул продукция үчүн төлөм белгиленген баа боюнча, ошондой эле эркин баа боюнча алынса, продукцияны таркатуу коммерциялык деп эсептелинет. Коммерциялык эмес таркатуу үчүн арналган продукцияда "акысыз" деген белги болушу керек жана ал коммерциялык таркатуунун предмети болбоого тийиш.

6-глава
Басма иши жаатында эл аралык кызматташуу

24-берене. Басма сөз продукцияларын тышка чыгаруу жана киргизүү

Басма сөз продукцияларын мамлекеттин чегинен тышка чыгаруу, ал эми ага тете башка өлкөлөрдөн киргизүү, басма сөз продукцияларын басып чыгаруучулардын, даярдоочулардын, таркатуучулардын эл аралык кызматташтыгынын башка түрлөрү (соода жана соода эмес) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.

25-берене. Чет өлкөлүк инвесторлор менен кызматташуу

Коомдук уюмдар жана жарандардын башка бирикмелери, мамлекеттик уюмдар, ишканалар жана мекемелер, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, ошондой эле жеке жарандар чет өлкөлүк инвесторлор менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык басма-полиграфиялык ишканаларын жана басма сөз продукцияларын таркатуу боюнча уюмдарды уюштура алат.

7-глава
Корутунду жоболор

26-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева

2011-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган